Жогорку сот Исмаилованын Атамбаевге каршы доо арызын канааттандырган жок

Жогорку сот укук коргоочу Төлөкан Исмаилованын өз ар-намысын коргоп президент Алмазбек Атамбаевден 10 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Бул акыркы чечим, ага каршы даттанууга болбойт.

Укук коргоочулар Төлөкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулова президент 2016-жылдын май айында Энелер күнүнө арналган салтанатта укук коргоочуларды сынга алып, алар «алган гранттарын актап», өлкөдөгү кырдаалдын туруктуулугун бузууга аракет кылып жатышканын айтканы үчүн Атамбаевди сотко беришкен.

Бүгүн сот Төлөкан Исмаилова боюнча гана чечим кабыл алды.

Жогорку соттун териштирүүсүндө президенттин өкүлү Алмаз Османова Атамбаев 2016-жылдын 14-майындагы сөзүндө өз позициясын айтканын, анткени ал Кыргызстандын башка жарандары сыяктуу эле сөз эркиндигине укуктуу экенин айтты.

Османова мамлекет башчысынын бардык сөздөрү, анын ичинде «гранттарын актап жатышат» дегени да чындыкка туура келээрин белгиледи.

«Төлөкан Исмаилова өзү жасаган иши тууралуу дайыма маалымат берет, демек ал өз ишин жакшы аткарып жатат. Президент так ошону кеп кылган», — деди Османова.

Анын айтымында, укук коргоочулар Атамбаевдин сөздөрүн туура эмес чечмелеп, өзүнө карата кабыл алып жатышат.

Исмаилова президент конкреттүү түрдө анын жана Азиза Абдирасулованын атын атап, алардын ишин көрсөтүп, алар акаевчилер, бакиевчилер жана «Ислам мамлекети» террордук уюму менен катар өлкөдөгү абалдын туруктуулугун бузууга аракет кылып жатышканын айтканын эске салды.

«Кайсы адам, кайсы уюм болбосун грант алууга укугу бар. Мыйзам боюнча эч ким адамдын ар-намысына акаарат келтирүүгө акысы жок. Мыйзам алдында баары бирдей», — деди ал.

Жогорку соттун чечими акыркы чечим жана ага каршы даттанууга болбойт. Исмаилованын адвокаттары бул чечимди мыйзамга туура келбеген жана негизсиз деп аташты, анткени судялар тилчинин бүтүмүн эске алышкан эмес.

«Башкача чечим чыгышы мүмкүн эмес болчу, анткени ар-намыс менен кадыр-барк президентте гана бар да», — деп эсептейт Исмаилова.

Азиза Абдирасулова сентябрда бул доо боюнча көзөмөл арызын берүүгө камынып жатат.

Биринчи май райондук соту 16-июнда укук коргоочулардын доо арызын четке кагып, кийин бул иш андан жогору турган Бишкек шаардык сотуна өткөрүлүп берилген. Бишкек шаардык соту да алардын доосун сентябрь айында четке каккан.


ТЕМА БОЮНЧА: