Акын Алыкул Осмоновдун үй-музейи жок болуп кетиши мүмкүн

Кыргыздын айтылуу акыны Алыкул Осмоновдун үй-музейинин чатырынан суу агып, таман тактайы чирип, дубалдары үбөлөнүп баратат. Мамлекетке таандык бул музей акыркы жолу 17 жыл мурун оңдолгон.

Алыкул Осмонов «кыргыз поэзиясынын күнү» деп аталып, анын жүзү 200 сомдук купюрадагы улуттук валютага тартылган. Ал 1945-жылдан 1950-жылга чейин жашаган үйдү Кыргызстандын жетекчилиги 17 жыл мурун музейге айлантып, ошол эле жылы биринчи жана акыркы жолу оңдоткон.

Музейдин директору Памирбек Казыбаев «Настоящее время» менен болгон маекте буга чейин үйдү бузуп салуу жөнүндө сунуштар түшкөнүн айтып берди.

«Бизде: "Бул жакта эмне отурасың, бул үйдү бузуп эле салыш керек" деген кишилер болгон. Мен болсо "Эмнеге бузабыз? Ал ушул жерде жашаган да. Ал бул үйдү өз эмгеги менен сатып алган. Ушул жерден көз жумган" деп айтам», — дейт Казыбаев.

Музейдин директору өз күчү менен имараттын чирип бүткөн таман тактайын фанера менен жаап, суу аккан чатырын эптеп жамап келатат. Музейдин дубалы үбөлөнүп, шыптын тешигинен болсо чатырдын тактайлары көрүнүп турат.

Директордун айтымында, музейди оңдош үчүн 500 миң сом керек. Мамлекет оңдоого жардам берген жок, бирок бир кезде ыктыярчылар музейдин кебетесин оңдоп чыкканга убада беришкен.

Маданият министрлиги Kloop.kgге акын-жазуучунун аймактардагы музейлери менен иш алып барып жатканын билдирди. Бишкектеги Осмоновдун үйү менен мэрия алек болууга тийиш.

«Осмоновдун Бишкектеги үйү мэрияга, маданият башкармалыгына карайт. Шаардагы мекемелердин баары ошого карайт, ошол жактан каржыланып, ошолордун акчасы менен ондолот. Бизде оңдоого эчактан бери эле акча бөлүнбөйт», — деди министрликтин тарых жана маданият бөлүмүнүн кызматкери.

Бишкектин мэриясындагылар Kloop.kgге алар Ольга Мануилованын, Сүймөнкул Чокморовдун, Семен Чуйковдун музейлери менен алек болушаарын, бирок Осмоновдун үйү Маданият министрлигине караштуу экенин жана ага акындын музейинин директору Памирбек Казыбаев кам көрүшү керек экенин айтышты.


ТЕМА БОЮНЧА: