Бишкек бийлиги Токтоналиев көчөсүндөгү 100дөн ашык бакты кыйды

Бишкек шаар бийлиги апта аягына чейин тибейбиз деген убадасына карабастан Токтоналиев көчөсүндөгү бактарды кыйды. Жергиликтүү тургундар бактардын кыйылышын токтотууга аракет кылышты. Каршылык көрсөткөн он кишини милиция кармап кетип, аларга Биринчи май райондук соту тарабынан эскертүү берилди.

Түз эфирден жазылып алынган видео, 3-бөлүк.

Түз эфирден жазылып алынган видео, 2-бөлүк.

«Зеленстрой» муниципалдык ишканансынын кызматкерлери жолду кеңейтиш үчүн 2-июнь күнү Токтоналиев көчөсүндөгү 110 бакты кыйды.

Алар Kloop.kgнин кабарчысына көрсөткөн актка ылайык, 143 дарактын кыйылышы пландалууда, алардын көпчүлүгү кара жыгач, терек жана клен.

«Зеленстрой» бактарды кыйып атканда жакын жашаган тургундар жана активист-экологдор каршылык көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Алар көчөгө көрнөктөр менен чыгышкан, айрымдары техникалардын алдына туруп алышып, дарактарды кыюуну токтотууга аракет кылышкан.

«Алар ишембиге чейин эч нерсе кылбай турганын жана бул суроону карап чыгууга убада беришкен эле. Азыр, мына, эртең менен эле башташты», — деди жергиликтүү жашоочу.

Каршылык акциясына катышкан он кишини кармап, Биринчи май РИИБге алып кетишкен. Кийин алар Биринчи май райондук сотуна которулган.

Акциянын катышуучулары кыйылган дарактарга «кошок айтууда». Сүрөт: Айбол Кожомуратов.

Кармалгандардын арасында «Шаардык демилгелер» фондунан Раушанна Саркеева, эколог Дмитрий Ветошкин жана Боршайкомдон Гүлнара Жоробаева болгон.

Кечинде Биринчи май райондук соту эскертүү бергенден кийин алар коё берилген.

Активисттер кармалгандан кийин Токтоналиев көчөсүндөгү акция токтогон. Бактарды кыюу иштери кечке чейин уланып, калгандары эртең кыйылат.

Этот умирающий птенец по улице Душанбинской для меня сегодня стал олицетворением того, что происходит с Бишкеком. Жители...

Posted by Юрий Копытин on Friday, June 2, 2017

Аталган көчөдө 2-июнь күнү саат 21:00дө кыйылган бактарга арналган реквием иш-чарасы өтмөкчү.

Түз эфирден жазылып алынган видео, 1-бөлүк.

Мэрия «убадасын аткарган жок»

Башында миңден ашуун бак-дарактардын кыйылышы пландалып жаткан, бирок жергиликтүү тургундардын нааразылык акцияларынан кийин 143 бактын кыйылышына келип токтолушкан.

Бишкек шаардык кеңеши 2-июндагы сессиясында бактарды кыюу маселесин карашы керек болчу, бирок кыюуга жооптуу болгондордун бири ооруп калганына байланыштуу отурум кийинкиге жылдырылган.

Вице-мэр Бакыт Дүйшөмбиевдин белгилешинче, Токтоналиев көчөсү Тынчтык проспекти менен Абдрахманов көчөсүндөгү кыймылдарды жеңилдетиш үчүн параллель коридор түзгөнгө эң ыңгайлуу жол.

Анын айтымында, мэрия бактарды кыюусун токтотпойт.

«Жолду салыш керек. Курулуш сезону өтө кыска. Жараянды токтотуу да туура эмес. Ошондуктан бактарды кыюу чечими чыгарылган», — деп билдирди Дүйшөмбиев.

Тургундардын нааразылык акциясы.

Эксперттердин корутундусуна ылайык, 143 бактын 70и гана оорулуу болуп саналат жана айрымдары туура эмес жерде өсүп турат.

Жергиликтүү тургундар жана шаардык кеңештин депутаты, эколог Эмил Шүкүровдун айтымында, мэрия ишемби күнгө чейин дарактарды кыйбоого убада берген.

«Бактар кыйылбай турганын мага вице-мэр айткан. Ал ачык эле баарын жаңылтты», — деди Шүкүров.

Бишкек мэри Албек Ибраимов билдиргендей, бактарды кыюу чечими 1-июнь күнү кечинде чыгарылган.

7000 бактын кыйылышы пландалып жатат

Борбор калаа бийлиги быйыл 49 көчөнү реконструкциялаш үчүн 7000дей бакты кыюуну пландап жатат. Мэриянын белгилешинче, алардын көпчүлүгү авариялык абалдагы дарактар.

«Зеленстрой» беш эсе көп бак-дарактарды отургузууга убада берүүдө. Мэрия көчөт сатып алууга 51 млн сомдук тендер жарыялап койгон. Көчөттөрдүн айрымдарынын даанасы шаарга 11 миң сомго турат.

Мэриянын жолдорду кеңейтүү долбоору кытай грантынын эсебинен ишке ашырылып жатат. КЭР өкмөтү Бишкектин 95 км жолун реконструкциялоого 4 млрд сомдон ашык каражат бөлүп берген.


ТЕМА БОЮНЧА: