Депутат БШКнын мүчөлөрүн кызматтан алууну сунуштады

Парламентте эл өкүлү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн отурумга келбей койгону үчүн кызматтан кетирүүнү сунуш кылды. БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова парламентарийлерди комиссияга басым жасабоосун өтүндү.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова БШКнын мүчөлөрү парламентке эл өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп бериш үчүн келбегенине нааразы болду.

«Биз аларды чакырганбыз. Бирок алар өздөрүндө басма сөз жыйынын өткөрүп жатышат. Буга баа бериш керек», — деди ал.

Анын кесиптеши, «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев БШКнын мүчөлөрүн кызматтан кетириш керек экенин айтты.

«БШК — Жогорку Кеңеш тарабынан дайындала турган орган. Эгер алар бизди сыйлабаса, маалымат бергиси келбесе, алардын баарын төрайымын кошуп кызматтан кетириш керек», — деди ал.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова басма сөз жыйынында депутаттарды комиссияга басым жасабоого чакырды.

«Мен муну шайлоо комиссиясынын чечимине таасир этүү аракети катары кабыл алам. Бул мыйзам бузуу катары каралат, ошондуктан жазага тартыш керек болот. Биз суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан жокпуз, бирок биздин чечимибизге таасир этүү аракетинен өздөрүн карманышын өтүнөбүз», — деди Нуржан Шайлдабекова.


ТЕМА БОЮНЧА: