БШК президенттикке талапкерлерди каттай баштады

Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялагандай, президенттик кызматка талапкерлерди каттоо 15-июндан тарта башталат. Кыргызстандыктар шайлоодо өз талапкерлигин 10-сентябрга чейин көрсөтө алышат.

Боршайкомдон Kloop.kgге кабарлагандай, талапкерлердин үгүт иштери 10-сентябрдан башталып президенттик шайлоого эки күн калганда 13-октябрга чейин созулат. Кандай гана болбосун мөөнөтүнөн мурда башталган үгүт иштери мыйзамсыз болуп эсептелет.

Быйылкы жылдан тарта президенттикке талапкерлерден шайлоого катышуу үчүн алынган күрөөнүн суммасы 100 миң сомдон бир миллион сомго чейин көбөйгөн.

Андан тышкары, Боршайком ар бир талапкерден өз колдоочуларынын арасынан жок эле дегенде 30 миң кол топтоп тапшырууну талап кылып жатат.

«Ата Мекен» оппозициялык партиясынын юристтери БШК кол топтоону талап кыла албайт деп эсептешет, анткени мындай жобо «Президент менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» мыйзамда жок.

Эл өкүлдөрү да кол топтоо жөнүндөгү жобого кыжырданышкан.

«Бул токтом менен адилет жана ачык шайлоо өткөрүүгө тоскоол болгон эрежелер киргизилген», — деген «Республика — Ата Журт» фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев.

Президенттик кызматка ат салыша турганын азыркы күнгө чейин жети киши айтып чыккан.

Алардын катарына мурдагы премьер-министрлер Темир Сариев менен Өмүрбек Бабанов киришет. Президенттикке ат салышаары тууралуу айткан дагы эки саясатчы учурда камакта. Алар: оппозициячы Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров.

КСПДнын саясий кеңеши президенттикке учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Ошондой эле өлкө башчылыгына парламенттин мурдагы спикери Ахматбек Келдибеков жана «Өнүгүү — Прогресс» партиясынын башчысы Бакыт Төрөбаев ат салышаарын билдиришкен.


ТЕМА БОЮНЧА: