Оппозициячылар Текебаев менен Чотонов камакта калды

Жогорку сот оппозициячылар Дүйшөнкул Чотонов менен Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын арызын кароону токтотту. Адвокаттар соттон Чотоновду үй камагына чыгарышын өтүнүшкөн. Саясатчылар азырынча камакта калышты.

Текебаев менен Чотоновдун адвокаты Чынара Жакупбекова билдиргендей, Жогорку сот жактоочулардын арызы боюнча өндүрүштү токтотту, бирок мындай чечимдин эмнеге негизделгенин түшүндүргөн эмес.

Бирок Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошеванын айтымында, сот адвокаттардын өтүнүчү менен өндүрүштү токтоткон.

«Жогорку соттун коллегиясы Текебаев менен Чотоновдун адвокатынын көзөмөл өндүрүшүн токтотуу туурасындагы өтүнүчүн канааттандырды. Бул Жогорку соттун коллегиясы биринчи жана экинчи инстанциядагы соттук чечимдердин мыйзамдуулугун караган жок дегенди билдирет», — деди ал.

Бул иш боюнча процесс ачык болгонуна карабастан отурумга журналисттер жана Текебаев менен Чотоновдун тарапташтары киргизилген жок.

Текебаевдин тарапташы, «Ата Мекен» партиясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, «эч кимди киргизбөө тууралуу судьяларга буйрук беришкен болушу мүмкүн».

«Судьяларга катуу басым жасоо жүрүп жатат, мен муну ачык айта алам. Мунун баарын судьялар өз демилгеси менен кылып жатканына ишенбейм. Судьялар да мыйзам буга жол бербесин жакшы түшүнүп турушат. Бул судьялар толугу менен президент аппаратынан көз каранды экенинен кабар берет», — деди депутат.

Чотоновдун адвокаттары анын баш коргоо чарасын райондук жана шаардык соттордо өзгөртүүгө аракет кылышкан, бирок эки баскычта тең жактоочулардын өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Текебаев менен Чотоновдун иши

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Чотонов менен Текебаевди ушул жылдын февраль айында кармаган. Саясатчылар коррупция боюнча айыпталып жатышат.

Саясатчылардын камалышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызы себеп болгон. Орусиялык ишкердин арызында айтылгандай, Текебаев «Мегаком» уюк компаниясын башкарууга мүмкүнчүлүк берүүнү убадалап, Маевскийден бир миллион доллар алган.

Тергөөчүлөрдүн оюнча, Чотонов Текебаев менен Маевскийдин бүтүмүнө ортомчулук кылган.

Текебаев коюлган айыпты четке кагып келет жана анын оюнча, кылмыш иши саясий мүнөзгө ээ. Чотонов да коюлган күнөөнү мойнуна алган эмес.

Текебаев президент Алмазбек Атамбаевди сынга алган башкы саясатчылардын бири. Ал өлкө башчысы тарабынан сунуш кылынган Конституцияга түзөтүү киргизүүгө каршы чыккан.

Бирок өлкөнүн башкы мыйзамына түзөтүүлөр 2016-жылдын 11-декабрындагы референдум аркылуу киргизилген.

Ошондой эле, Текебаев ЖМКга Атамбаевдин үйү жана Кипрдеги ишкердик кызыкчылыктары тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарган.


ТЕМА БОЮНЧА: