Kloop.kgнин кабарчылары Нарынга барып, эмне үчүн Борбордук Азия университетинин студенттери жергиликтүү тургундардын алдында тизе бүгүп кечирим сураганын изилдеп келди.
Борбордук Азия университети (БАУ) Нарын шаарынын батыш жагындагы чет-жакасында орун алган. БАУнун окуу корпусуна шаардын борбордук бөлүгүнөн 20 мүнөттө жетип барганга болот. Бул жерге №1 маршруттук такси каттайт, жергиликтүү тургундардан эч ким деле акыркы аялдамага чейин барбайт.
Окуу жайдын айланасы курчалган жана өзүнүн коопсуздук кызматкерлери карайт. Бул жерге жалгыз эле окуу жай эмес, спорт аянттары жана жер ээликтери да кирет.
БАУ Нарында пайда болгонуна аз эле убакыт өткөн — бул окуу жылында университет өзүнүн алгачкы студенттерин кабыл алган. Окуу жай канзаада Карим Ага-Хан IV — британ магнаты жана ислам дининин шиит агымындагы исмаилит-низариттердин имамы — тарабынан каржыланат.
Акыркы эки апта ичинде бул окуу жай коомчулуктун көңүл чордонунда болуп келүүдө. Жергиликтүү жаштар БАУнун тажик студенттерин чөгөлөтүп кечирим сураткандан кийин бул окуя коомчулукта эки ача пикирге жем таштаган. Мунун баары видеого тартылып алынып, кыргызстандыктардын арасында кызуу талкуу жараткан.
Чыр-чатактын катышуучуларынын бири, Нарын жаштар кыймылынын өкүлү Болот Эстебесов окуянын майда-чүйдөсүн ачыкка чыгаргысы келген жок. «Бизди интернетте баары ансыз деле жапайы деп эсептеп жатышат. Дагы бир нерсе деп айткандын кажети барбы?» — дейт ал.
БАУнун студенттери да окуя тууралуу журналисттерге айтып беришкен жок — окуу жайдын администрациясы студенттерге бир нерсе деп айтууга тыюу салып койгон, университеттеги 68 студенттин баары бул эрежеге баш ийет көрүнөт.
БАУнун студенттеринин көпчүлүгү Тажикстандан келишкен. Окуя болгондон кийинки күнү алар жайкы эс алууга үйлөрүнө жөнөп жатышкан, ал эми калып калгандары эч нерсе айтып беришкен жок.
«Алардын [тажикстандык студенттердин] намысы тебеленип, кемсинип калышты. Алар силер менен сүйлөшпөйт», — деп түшүндүрүп, сөзүн токтотту студент кыздардын бири.
27-май: Баскетбол таймашындагы биринчи жаңжал
Жаңжалдын чыгышына 27-майдагы баскетбол таймашы себеп болгон. Жергиликтүү команданын машыктыруучусу Бакыттын айтымында, БАУнун студенттери ага 24-25-майларда телефон чалып, оюн өткөрүүнү сунуш кылышкан. Ал оюнга макул болуп, таймашты БАУнун спорт залында өткөрүүнү чечишкен.
Бакыттын досу жана жергиликтүү депутат Сади Кубатбеков оюнга күбө болгон. Анын айтымында, оюн башында жакшы өтүп аткан, эч кандай чыр-чатак чыгып кетет деп эч ким ойлогон эмес. Анын сөзүндө, талаштын чыгышына студенттердин биринин жүрүм-туруму себеп болгон.
«Бирок кийин Анзур [аты өзгөртүлдү] аттуу бир тажик баарын түртүп, баскетболдо жок болгон эрежелер менен топту ыргыта баштады. Ал биринчи жолу ойноп атканын, оюн эрежелерин жакшы билбестигин биздикилерге айтышты. Оюнду уланта беришти», — деди ал.
Кубатбековдун айтымында, ал студент берилген эскертүүлөргө карабастан өзүн агрессивдүү алып жүрүүнү уланта берген.
«Төртүнчү жолкусунда ал тажик биздин командадагы окуучу баланы катуу согуп салды. Биздин балдар “Сен эмне катуу ойноп атасың?” деп кыйкырышты. Анан ал тажик бала биздин спортчунун аркасына чыгып уруп салды. Алар урушуп кетишти», — деди күбө.
БАУнун камкорчулар кеңешинин төрагасы Кассим-Лакха да баскетбол таймашында мушташ чыгып кеткенин ырастады. Бирок анын оюнча, спортто мындай талаштар дээрлик күндө эле болуп турат: «Ал жерде мушташ болуп кетти. Анан коопсуздук кызматкерлери, машыктыруучулар дароо жетип келип “Токтоткула, жинди болбогула. Бул спорт” деп айтышты».
Кубатбековдун айтымында, ээлигип калган БАУнун студенттери талаадан чыгып баратышып «Бул азырынча биздин биринчи эле курам. Беш курам келгенде, биз, силер, нарындыктарды толугу менен басып алабыз» деп айтышкан.
Бул сөздөрдү, окуяга күбө болгон Кубатбековдон башка эч ким ырастай элек. Анын айтымында, нарындык спортчулар бул сөздөргө Рамазан айына байланыштуу орой жооп кайтарышкан эмес. Анын сөзүнө караганда, нарындыктар БАУнун студенттери менен элдешиш үчүн барышканда, коопсуздук кызматкерлери аларды кампуска киргизбей коюшкан.
Кассим-Лакха бул мушташтан кийин өз студенттери менен сүйлөшкөн. Студенттердин айтмында, окуя башкача өнүккөн — нарындык спортчулар алардын үстүнөн күлүшкөн.
«Айрым адамдар студенттерди Нарын тууралуу туура эмес эскертүүлөрдү жасап атканы үчүн күнөөлөшкөн. Студенттер болсо “Биз эч качан андай сөздөрдү айткан эмеспиз, бирок биздин үстүбүздөн күлүшүп, эскертүүлөрдү алар бизге айтышты” дешти», — деди ал.
Студенттердин оюн сурап көрүүгө БАУнун өкүлү уруксат берген жок. «Алар капаланып турушат. Келгиле, азаптарды эстетип, аларды кайра кыйнабай эле коёлу», — деп көшөрдү Кассим-Лакха.
8-июнь: Экинчи мушташ жана чөгөлөп кечирим суроо
Эки тараптын тарынычы азайбай эле, жаңжалдан кийин тескерисинче кайра күчөп кеткен. БАУнун студенттери менен баскетбол командасынын машыктыруучусу Бакыттын Нарындын борборундагы банкта кокустан жолугуп калышы сөз менен эле айтышып чектелип калбай, банктын артында мушташка чейин алып барган.
«Бакыт өзү жалгыз, ал эми балдар төртөө болчу. Ал нарындык кыргыз, өзүн басмырланып калгандай сезип кеткен. Бакыт досторуна телефон чалып, эмне болгонун айтып берген. Анан ал жерде нарындык жаштар чогулушуп, банктын артындагы чачтарачтын жанында мушташ башталып кеткен», — деп айтып берди Кубатбеков.
Мушташ болуп атканы тууралуу милицияга билдирүү түшүп, алардын баарын милиция бөлүмүнө алып кетишкен. Жергиликтүү бийлик тирешкен тараптарды элдештирүүгө аракет кылып, Ага-Ханга таандык болгон мектепке алардын баарын чогулткан.
Ал убакта мектепке БАУнун мугалимдери гана эмес, окуяга нааразы богон ондогон жергиликтүү тургундар да келишкен. Баарын бир залга киргизип, талкуу кылыш үчүн отургучтарга отургузган.
Ошол чогулушка катышкан Сади Кубатбеков айтымында, жергиликтүү тургундар БАУга карата бир нече талаптарын билдиришкен: «Алар тажиктер көп көчөгө чыкпасын, биздин каада-салт, үрп-адаттарды үйрөнүшсүн, чырдашкан балдар бул жерден кетишсин, аларды депортация кылышсын, алар айткан сөздөрдөн кийин баары өзүн кемсинткендей сезип калышты деп айтышты».
Талкуу учурунда ондогон нарындыктар ордуларынан туруп алышып, өз талаптарын кыйкырык-ышкырыктын коштоосунда айта башташкан. Анан эле күлүп аткан эркек кишилер «Тизелегиле!» деген сыяктуу сөз айтышканда БАУнун студенттери менен менежери талапка баш ийип, адамдардын сүйүнткөн.
Кубатбековдун сөзүндө, эч ким аларды тизе бүктүрүүгө мажбурлаган эмес. Kloop.kgнин суроосуна жооп берген, бирок жашырын бойдон калгысы келген бир нече балдар да ушул пикирде.
Топтолгон элдин арасында ызы-чуу салып, кырдаалды чыңалтууга аракет кылган адамдар да болгонун айтты Кубатбеков. Анын оюнча, БАУнун студенттер иштери боюнча менежери айтылган талаптардын кыргыз тилинен англисчеге туура эмес которулганынан улам чөгөлөп алган.
«Ал жерде чөгөлөп кечирим сурасын деге сөз болгон эмес. Бул жерде котормочудан ката кетип калды. Ал жерде “Келгиле олтуруп алып, бири-бирибизден кечирим сурайлы” деген сунуш болгон. Ал мугалимге болсо сөзмө-сөз которуп берип койгон», — деп эскерди Кубатбеков.
БАУдагылардын айтымында, тизе бүгүп кечирим суроо топтолгон элдин талабы болгон. Бул талапты мугалим аткарганга чейин эч ким аны имараттан чыгарбай койгон.
Митингге катышкандардын бири, жаштардын өкүлү Болот Эстебесовдун оюнча, жергиликтүү тургундардан дал ушул калыпта кечирим сурагандыктан гана чыр-чатак жөнгө салынган болушу мүмкүн.
9-июнь: Нарындыктардын кечирим сурашы жана БАУдагы териштирүү
Кийинки күнү Кубатбеков менен Эстебесовдун жетекчилиги астында жергиликтүү жаштар чөгөлөгөн БАУнун мугалиминен кечирим сураш үчүн окуу жайга келишкен. Эстебесовдун оюнча, анын окуяга тиешеси жок, ошондуктан ага калпак менен кыргыз каада-салттары жөнүндө китеп беришкен.
БАУнун камкорчулар кеңешинин башчысы Кассим-Лакханын айтымында, чөгөлөөгө мажбур болгон студент иштери боюнча менежер окуяга айрым студенттердей эле аябай капа болгон.
«Мындай нерсени бир мүнөттө айыктырып салганга болбойт. Айрым адамдар муну кечирсе, кээ бири кечирбейт. Айрым студенттер муну кабыл алышты, бирок кээ биринде так калды», — деп айтып берди Кассим-Лакха.
Анын сөзүндө, мушташтын жагдайларын такташтырганга чейин университет өз студенттерине эч кандай чара колдонбойт жана алар депортация кылынбайт.
«Биз азыр студенттер корс болгонбу, ошону такташыбыз керек. Териштирүү бүткөнгө чейин айта албайм. Эгер кимдир бирөө өзүн жаман алып жүргөн болсо, анда ал жазасын алат», — деди БАУнун өкүлү.
Кубатбеков жок эле дегенде эки студентти окуу жайдан чыгарыш керек деп көшөрөт. Анын айтымында, Нарында башка улуттар менен чыңалган мамиле эч качан болгон эмес, эми ушул студенттердин айынан чыңала башталышы мүмкүн.
«Эгер биз тажик-кыргыз болуп бөлүнсөк, БАУга студенттер келээри менен эле уруш-жаңжалдар чыкмак. Биздин балдар, тескерисинче, сүйүнүп, алар менен баскетбол ойногону барышты. […] Эгер жаңжалды баштаган ошол эки бала бул жерде окуй берсе, анда бир нерсе болуп кетиши мүмкүн, анткени кимдир бирөөнүн жүрөгүндө так калып калды», — деди ал.
Азырынча милиция студенттердин ортосунда эмне болгонун териштирип жаткан убакта, университет менен жергиликтүү бийлик да чыр-чатактын себептерин иликтөө үчүн комитет түзүшкөн.
Жаштардын өкүлү Болот Эстебесовдун айтымында, талаш диний мааниде болгон эмес. Ал чыр-чатактын эки тарабы тең «мусулмандар, алардын ортосунда уруш-жаңжал болбош керек» деп эсептейт.
Кассим-Лакха бул чыр-чатак бардыгы үчүн сабак болду деп сөзүн жыйынтыктады. «Бул университет үчүн, жергиликтүү тургундар үчүн, студенттер үчүн сөзүн этияттап сүйлөшү үчүн сабак болду. Балким, алар мындай деп айткысы келбегендир, бирок бул ооздон туура эмес калыпта чыгып кетет».
Сүрөт: БАУ