Сот Текебаевди президенттик үгүт иштерине катышуу үчүн бошотуудан баш тартты

Бишкектин Биринчи май райондук соту оппозициячы Өмүрбек Текебаевди президенттик жарыштын үгүт иштерине катышуу үчүн бошоткон жок.

Оппозициячынын адвокаты Чынара Жакупбекова билдиргендей, Текебаев президенттик кызматка тең укуктуу талапкер болуп калат.

«Ал эркиндикке чыгып, үгүт иштерин жүргүзүшү керек», — деди ал.

Бирок прокурорлор жактоочунун өтүнүчүн канаатандырган жок, анткени саясатчыга «оор айып» тагылган.

«Адвокат сотту адаштырууга аракет кылып жатат. Текебаев президенттикке талапкер эмес, БШК анын документтерин кабыл алып, каттап эле койду», — деди прокурор.

Текебаев өзү айткандай, айыптоочу тараптын жүйөсү «күлкү келээрлик».

«Мына айыптоочу менин 303-беренем оор экенин айтып атат. Билесиңерби, ушул берене менен айыпталган канчалаган адамдар эркиндикте жүрүшөт», — деди ал.

Андан тышкары, адвокаттар прокурорлордон баш тартууну жана процедуранын бузулушуна байланыштуу аларга каршы кылмыш ишин козгоону өтүндү. Оппозициячылардын адвокаты Чынара Жакупбекованын айтымында, жактоочулар башкы прокурорго арыз менен кайрылышкан.

Бирок сот бул өтүнүчтү да канааттандырган жок.

Ошондой эле адвокаттар судья «бейтарап» болбой жаткандыктан андан баш тартууну талап кылышты.

Бирок сот бул өтүнүчтү да четке какты.

Текебаев менен Чотоновдун иши

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Чотонов менен Текебаевди ушул жылдын февраль айында кармаган. Саясатчылар коррупция боюнча айыпталып жатышат.

Саясатчылардын камалышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин арызы себеп болгон. Орусиялык ишкердин арызында айтылгандай, Текебаев «Мегаком» уюк компаниясын башкарууга мүмкүнчүлүк берүүнү убадалап, Маевскийден бир миллион доллар алган.

Тергөөчүлөрдүн оюнча, Чотонов Текебаев менен Маевскийдин бүтүмүнө ортомчулук кылган.

Текебаев коюлган айыпты четке кагып келет жана анын оюнча, кылмыш иши саясий мүнөзгө ээ. Чотонов да коюлган күнөөнү мойнуна алган эмес.

Текебаев президент Алмазбек Атамбаевди сынга алган башкы саясатчылардын бири. Ал өлкө башчысы тарабынан сунуш кылынган Конституцияга түзөтүү киргизүүгө каршы чыккан.

Бирок өлкөнүн башкы мыйзамына түзөтүүлөр 2016-жылдын 11-декабрындагы референдум аркылуу киргизилген.

Ошондой эле, Текебаев ЖМКга Атамбаевдин үйү жана Кипрдеги ишкердик кызыкчылыктары тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарган.

Авторлошу: Нуржамал Жанибекова


ТЕМА БОЮНЧА: