Премьер-министр жыйындан кууп чыккан аткаминерге сөгүш жарыялады

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровго сөгүш жарыялады. Бир күн мурунку жыйында өкмөт башчы Абдыкаровду катуу жемелеп, кууп чыккан болчу.

Абдыкадыровго «өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбагандыгы үчүн» сөгүш жарыяланган.

Бир күн мурун, 20-июнда, аткаминер суроолорго жооп бере албаганы үчүн премьер-министр аны жемелеп, жыйындан кууп чыккан.

Аткаминер Ош облусунун Чоң-Алай районундагы суу жана электр менен камсыздоону кайра калыбына келтирүү боюнча отчет бериши керек болчу.

«Элдин баары өкмөткө кантип ишенет? Суусу жок болсо, жолу жок болсо, электр энергиясы жок болсо, баарын көч деп кыстап атасыңар. Ким көчүп барат ал жакка? Кыла турган кишинин акыбалы мына, өзү билбей отурат. Мына биздин кебетебиз. Уялбайсыңбы? Чоң жыйынга, премьер-министрдин алдына келип отурасың. Чык, бар!» — деген анда премьер-министр.

Абдыкадыров жооп берүүгө аракет кылганы менен аны эч ким укпай койгондон кийин ал жыйындан чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Мамлекеттик курулуш агенттигинен Kloop.kgге билдиришкендей, премьер-министр Абдыкаровду жыйындан «негизсиз» кууп чыккан.

«Ал даярданган болчу, аткарылган иштер боюнча доклады бар эле, болгону аны окутпай коюшту. Суроо курулуш эмес, электр жана суу менен камсыз кылуу жөнүндө болуп жатканы видеодо да көрүнүп турбайбы. Курулуш туурасында сөз болгон да жок. Биз суу чарбачылыгы менен алектенбейбиз», — деп билдиришти мекемедегилер.

Чоң-Алай районунда май айында бир нече күн катары менен жер титирөө катталган. 500дөн ашуун турак-жай авариялык абалга кептелген. Үч миң киши азыркы күнгө чейин чатырларда күн кечирүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: