Дмитрий Фильев — Кант шаарынын чет-жакасындагы айылда жашаган мурдагы видеоинженер. Ал жез жана темирден механикалык скульптураларды жасап, стимпанк субмаданиятына аралашып калган.

41 жаштагы Дмитрий Фильев Канттын чет-жакасындагы өзүнүн чыгармачылык чарбагында жашайт. Сакалчан келбеттүү киши жумшак металлдан ар кандай буюмдарды жасайт. Ал стимпанк стилинде буюмдарды эски жана керексиз болгон деталдардан жасап калган.

Дмитрийди стимпанк менен бул субмаданият туурасында көп окуган жубайы Лиля тааныштырган. Убакыттын өтүшү менен бул чөйрөнү Дмитрий да изилдей баштап, бирок колуктусунан да ашып түшкөн — ал ушул стилде жасалгаларды, эмеректерди жана ички жасалга элементтерин жарата баштаган.

Стимпанк — бул цивилизация альтернативдик жол менен кетип, буу машиналар менен ар кандай механизмдерди өз алдынча өнүктүрө баштаган илимий фантастикадагы багыт. Стимпанк дүйнөсү викториан дооруна ылайыкташтырылгандыктан бул субмаданияттын өкүлдөрүнүн кийимдери XIX кылымга мүнөздүү.

Буюм-тайымдарды стимпанк стилинде жасоо менен Дмитрий соңку үч жылдан бери алектене баштаган. 2015-жылы ал Казакстандагы көп айлык алган жумушун таштап, үй-бүлөсү менен кыргыз айылына көчүп келип алган.

«Эгер кандайдыр бир нерсени өзгөрткүң келсе, анда түп тамырынан бери өзгөрт. Мен видео монтаждан стимпанк буюмдарды жасоого баш отум менен өтүп кеткем», — деди ал.

Ал кандайдыр бир жаңы, таптакыр башка нерсе менен алектенгиси келгендиктен стимпанкка чейин эскиздер менен жасалгаларды даярдап, ар кандай буюмдарды жаратып көргөн.

«Уулума атасы жөнөкөй ата эмес, өз колу менен кандайдыр бир сонун нерсени жасай алган киши экенин көрсөткүм келди», — деп бөлүшө кетти Дмитрий.

Стимпанктан эргүү алган соң ал интернеттеги чыгырыктардан жана тарых китептеринен маалымат топтой баштаган. Качан гана баары бир адиссиз болбой турганын түшүнгөндө мугалим издей баштаган. Ал сүрөт тартууну да өздөштүрүп алган.

«Темага олуттуу түрдө кирип кеткенде, жалпы кызыкчылыктар аркылуу насаатчылар өздөрү эле табылып калат. Жыйынтыгында сен кыйналбай эле мугалим таап аласың. Бул өз алдынча билим алуу эмес, билимге умтулуу», — деп эсептейт ал.

Иш дароо эле жакшы жүрүп кеткен. Башында аны Алматыдагы жарманкелерге чакырып жүрүшкөн, андан кийин ал коомдук желелер аркылуу кардарларды таба баштаган. Анын алгачкы кардары коллекционерлер болуп калган.

Дмитрий негизинен жасалгаларды, өзгөчө беткаптарды жана скульптураларды жасайт. Азыр ал кийим дизайнери менен иштегиси келип атат.

Өз иштерине керек болгон деталдарды Дмитрий эски буюм саткан жерлерден табат. Анын айтымында, андай жерлерден ар дайым кандайдыр бир кызыктуу нерселерди тапканга болот.

«Эмне керек экенин билсең, анда көп деле чыгымга учурабайсың. Эмне менен алек болгонумду билген тааныштар кээде өздөрү бул деталдарды беришет. Мен аларды ырахаттанып пайдаланам», — дейт Дмитрий.

Дмитрий искусство тарыхчысы Паола Волкованын лекцияларынан эргүү алат, европалык сүрөтчүлөрдүн живопистерин сүйөт жана Европанын музейлерине барууну самайт. «Карганы Дариуш Завадскийдин картинасы боюнча жасадым», — деди кол өнөрчү.

Кыргызстанда Дмитрий өзүнө окшогон кол өнөрчүлөрдү жолуктура элек, ошондуктан ал өлкөдө стимпанкты өнүктүрүүнү кыялданат. Ошон үчүн ал өзүнүн чарбагына бул өнөрдү үйрөнгүсү келгендерди баарын чакырат, болгондо да бекер.

«Баары келе берсин, өзгөчө жаш балдар, аларга үйрөткөнгө оңой жана кандайдыр бир нерселерди заматта эле жасай башташат!» — деди ал.


ТЕМА БОЮНЧА: