Бишкек: Мектептер менен бала бакчалардын тушунда рельефтүү өтмөктөр орнотулат

Бишкек бийлиги мектептер менен бала бакчалардын тушуна «жаткан полициянын» функциясын аткарган жөө кыяларды орнотууга убада берип жатат.

Рельефтүү жөө кыяларды орнотуу иштери Бишкекте башталды. Мындай «зебралардын» бири Сүйөркулов көчөсүндөгү №17 мектептин тушунда пайда болду.

Жаңы өтмөктөрдүн эни үч метрден төрт метрге чейин жана жол кыймылынан көз каранды болот.

«Мындай түз эмес жолдор көпкө чейин кызмат кылат. Алар жолго чектеш жайгашкан бардык бала бакчалар менен мектептердин жанында болот», — деген «Бишкекасфальтсервистин» начальниги Мирлан Амантуров.

Бишкек мэриясынын оюнча, рельефтүү жөө кыялар алыстан көрүнүп тургандыктан жол кырсыгын алдын алууга жардам берет.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков май айынын ортосунда бала бакчалар менен мектептердин жанында «жаткан полицияларды» орнотуу тапшырмасын берген болчу. Бул балдар жол кырсыгынын курмандыктарына айланган бир нече окуядан кийин болууда.

«Бишкекасфальтсервис» 2016-жылы мектептер менен бала бакчалардын тушуна 110дон ашуун «жаткан полицияларды» орноткон. Бирок кыш мезгилинде алар тоңуп калып, жол кыймылына тоскоолдук жаратканы үчүн бузууга туура келген.

Анда бийлик «жаткан полицияларга» 350 миң сомдон ашык акча сарптаган, бирок бюджеттик каражатты жөнү жок пайдаланганы үчүн эч ким жоопко тартылган эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: