Ош: Унаанын учуп кеткен дөңгөлөгү өспүрүмдүн өмүрүн алды

Оштун Кара-Суу районундагы айылдан өтүп бараткан «КамАЗдын» дөңгөлөгү чыгып кетип, жол четинде турган сегиз жашар балага тийген. Бала ооруканага жетпей жан берген.

Ош ИИБнин басма сөз борборунун кызматкери Жана Сатарбаева Kloop.kgге кабарлагандай, окуя 27-июнь күнү кечинде болгон.

«Машина жүк менен бараткан, бир маалда арткы дөңгөлөгү чыгып кетип, жол четинде турган балага тийип кеткен», — деди ал.

Сатарбаеванын айтымында, айдоочу токтоп, балага жардам бериш үчүн барган. Жергиликтүү тургундар болсо тез жардам менен милицияны чакырышкан.

Баланы жакынкы ооруканага алып кетишкен, бирок ал ооруканага жетпей көз жумган.

Милиция кызматкерлери «КамАЗдын» айдоочусун кармап, машинаны штрафстоянкага киргизишкен. Иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: