Милиция: Мас өспүрүм Ошто аялды сүзүп өлтүрдү

Укук коргоо органдары жөө кыяда өтүп бараткан аялды жогорку ылдамдыкта айдап баратып сүзүп өлтүргөн 17 жашар баланы кармашты. Экспертиза айдоочунун мас болгонун көрсөткөн.

Ош шаардык ИИБи кабарлагандай, 63 жаштагы аялды балдар бакчасынын жанындагы жөө кыяда коюп кеткен.

«Аял зебра менен жолдон өтүп балдар бакчасына жумушка бараткан», — деп билдиришти Kloop.kgге ИИБнин басма сөз борборунан.

Милициянын маалыматы боюнча, аялды «Ниссан Вингроуд» үлгүсүндөгү автомобиль коюп кеткен, рулда болсо 17 жаштагы жаш жигит болгон. Алган жаракатынан улам аял ошол жерде жан берген.

Укук сакчылары кабарлашкандай, машина 17 жаштагы балага таандык болгон эмес.

«Машина аныкы эмес болчу, ал досунан сурап турган. Ал достору менен болжолдуу саатына 100 километр ылдамдыкта бараткан. Экспертиза анын мас абалда болгонун көрсөткөн», — дешти милициядагылар.

Айдоочу тергөө изоляторуна киргизилген, машинаны штрафстоянкага алып кетишкен. Тергөө иштери башталып, бул факт боюнча кылмыш иши козголду.


ТЕМА БОЮНЧА: