Президенттик жарышка БУУнун мурдагы эксперти катышат

Бириккен Улуттар Уюмунун мурдагы эл аралык аткаминери Таалатбек Масадыков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен аттанып жатат. Ал БШКга он биринчи болуп арыз берген талапкер.

Таалатбек Масадыков өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттике талапкер катары чыгып жатканын «Фейсбук» барагына жазган.

«Чечим кабыл алынды. Мен Кыргызстандын президенттигине өзүмдүн талапкерлигимди койдум»,— деп жазган ал.

https://www.facebook.com/TaalatbekM/posts/1344678055639700

 

Таалатбек Масадыков эл аралык чыр-чатактар, террористтик ишмердик жана баңгизат өндүрүү маселеси боюнча эксперт болуп саналат.

Ал көп убакыттан бери БУУда иштеп, жогорку кызматтагы аткаминер наамына жетишкен. Ошондой эле ал БУУнун Ооганстандагы саясий миссиясын аткарып, ал жакта 15 жыл жашаганы менен белгилүү.

Дипломат Борбордук Азиядагы Америка университети жаңы ачылганда лекция окуп жүрүп, 2016-жылы Токио университетинде үч ай жаш аткаминерлерди окуткан.

Андан тышкары, Масадыков «Кыргызстан социалдык партиясынын» башчысы. Ал президенттике аттанган он биринчи талапкер болуп калды.

Борбордук шайлоо комиссиясына учурда өзүн-өзүн көрсөтүү жолу менен сегиз талапкер катталды. Алардын арасында «Ата Мекен» оппозициялык партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да бар.

Президенттик кызматка талапкер катары укук коргоочу Рита Карасартова менен Борбор Азиядагы эл аралык университеттин ректору Камилла Шаршекеева да аттанган.

Боршайкомго ошондой эле «Лига-антикризис» бирикмесинин башчысы Назарбек Нышанов, «Кыш болбойт» меминин автору Арстанбек Абдылдаев, мурдагы депутат Турсунбай Бакир уулу документтерин тапшырышкан.

Президенттик кызмат латвиялык «Маро» фирмасынын Бишкектеги филиалынын башчысы Сайнидин Султанов менен Ата мекендик өндүрүүчулөр бирикмесинин жетекчиси Бакыт Дегенбаевди дагы кызыктырган.

Партиялардын атынан Бакыт Төрөбаев («Өнүгүү-Прогресс») жана Темир Сариев («Ак Шумкар») аттанышкан.

Боршайкомго арыз берген талапкерлер өздөрүнүн колдоочуларынын ичинен 30 миң кол топтоп тапшырышы жана шайлоо фондуна бир миллион сом өлчөмүндөгү күрөө төгүшү керек.

Президенттике талапкерлерди каттоо 10-сентябрга чейин уланып, шайлоо 15-октябрда өтөт.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: