Бабанов президент болуп шайланса кыргызстандыктарды «эки эсе бай» кылаарын убадалады

Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов анын башкаруусу алдында Кыргызстан жашоого ыңгайлуулугу жагынан жана «өнүгүүнүн көрсөткүчү» боюнча алдыңкы он өлкөнүн катарына кошулаарын айтты.

Бабанов, «жашоо жана бизнес үчүн мыкты өлкө кураарын» билдирди.

«Бул багытта мен так милдет алам: 2023-жылга чейин ар бир кыргызстандык үй-бүлө эки эсе бай жашап калат!» — деди ал.

Анын шайлоо алдындагы программасында коррупцияны жоюу, билим берүү жана саламаттык сактоо системасын калыбына келтирүү убадалары бар.

Ошондой эле, мурдагы премьер калктын коопсуздугун камсыздап, тышкы саясатты «таасирдүү» жүргүзөөрүн айтты.

«Республика – Ата-Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен аттанат.

Өмүрбек Бабановдун саясаттагы жарышына арналган интернет-мемдер чыга баштады.

Тезис моей кампании №1Продолжение следует...

Posted by Амурбек Бабаров on Saturday, July 1, 2017

Өмүрбек Бабанов мурда эмнелерди убада кылган?

Соңку 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов 10% ипотеканы уюштуруу жана фермерлерге 7% насыя берээрин убада кылган.  

«Республика — Ата-журт» партиясы — шайлоочуларга «өзөктүү өзгөрүүлөр» тууралуу айткан, анын ичинде аткаминерлердин санын кыскартып эки палаталуу парламентти куруу да айтылган.    

Өмүрбек Бабанов — бизнесмен жана Кыргызстандын мурдагы премьер-министри. Бабанов саясатка аралаша элегинде «Кыргызстан коммерциялык банкынын» директорлор кеңешинин төрагасынын кеңешчиси кызматын аркалаган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: