Дарья Маслова жеңил атлетика боюнча Азия чемпиондугунда жеңди

Индиянын Бхубанешвар шаарындагы жеңил атлетика боюнча өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык Дарья Маслова алтын медаль утуп алды.

Маслова 5000 метр аралыкка чуркоо боюнча жарышка чыккан. Кыргызстандык спортчу 15 мүнөт 57,95 секунд убакыт көрсөтүп, өзүнүн Бириккен Араб Эмиратынан келген атаандашын эки секунд эрте келген.

Бул 22 жаштагы жөө күлүк үчүн мындай ири турнирдеги алгачкы алтын байге. Мурда Азия биринчиликтеринде Маслова коло медалдардын ээси болуп келген.

Кытайдын Ухан шаарында 2015-жылы болгон Азия чемпионатында Маслова 5 чакырымды 15 мүнөт 42,82 секундда чуркап өтүп, жеке өздүк рекордун койгон.

Былтыр август айында Маслова Риодогу оюндарда өлкөнүн улуттук курамасына кирген. 10 миң метр аралыкка чуркоо боюнча жарышта жеңил атлетчи 31 мүнөт 36,90 секунд көрсөтүп 19-орунду алган. Бул көрсөткүч Маслова үчүн жеке жана улуттук рекорд болуп калган.

Жеңил атлетика боюнча чемпионат 6-июлда Индияда башталып, 9-июлга чейин уланат. Мелдеште Кыргызстандын атынан алты спортчу катышууда.

Сүрөт: «АКИпресс».

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: