Трамп Орусияны башка өлкөлөрдүн абалын туруксуздаштырууну токтотууга чакырды

epa06070115 US President Donald J. Trump gives a speech at Krasinski Square, Warsaw, Poland, 06 July 2017. Trump is on an official visit to Poland. EPA/SZILARD KOSZTICSAK HUNGARY OUT

АКШ президенти Дональд Трамп Орусияны сынга алып, андан «Украина» жана башка өлкөлөрдө абалды «туруксуздаштырууну» токтотууну талап кылды.

Трамп Польшадагы 1944-жылы Варшава көтөрүлүшүндөгү баатырлардын эстелигинин алдында сүйлөп жатып Орусияны катуу сынга алды.

«Биз Орусияны Украина менен башка өлкөлөрдө абалды туруксуздаштырууну, ага кошумча эле Сирия жана Ирандагы душмандардын башкаруу түзүмдөрүн колдогонун токтотууга чакырабыз», — деди ал.

АКШ президенти Орусияга мындан көрө «жоопкерчимликтүү өлкөлөргө» кошулуп жалпы душмандарга карата каршы турууну сунуш кылды.

Трамптын айтымында, АКШ менен Польша «Орусиянын туруксуздаштыруу аракеттерине» каршы күрөшүү боюнча кызматташа башташкан. Трамп өз сөзүндө, Польшанын жана анын элин жакшы көрөөрүн айтты.

Мындан мурда маалымат жыйында Трамп Орусиянын башка өлкөлөр сыяктуу эле АКШнын президентин шайлоого тийиштиги болушу ыктымал экендигин моюнга алган.

Азырынча орус бийлиги Трамптын билдирүүсүнө жооп кайтара элек.

Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен Германиянын Гамбургунда өтө турган «чоң жыйырмалыктын» саммитиндеги расмий жолугушууга бир күн убакыт калганда сындап чыккан. Дүйнө державаларынын башчылары эл аралык терроризм менен Сирия жана Украинадагы абалды талкуулашат.

Трамптын Орусия боюнча пикири президент болуп шайланган соң өзгөрдү. 2016-жылы АКШдагы президенттик өнөктүктө Трамп Путин менен «абдан жакшы мамиледе» болоорун айткан эле.

Сүрөт: Szilard Koszticsak/EPA.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: