Бишкек-Токмок: Айлампа жолдо кырсыктан үч адам каза тапты

Чоң ылдамдыкта бараткан автомобиль жолдун каршылаш тилкесине чыгып кетип, тосмону сүзгөн. Машинанын ичиндеги төрт адамдын ичинен үчөө каза таап, дагы бирөө реанимацияда.

Жол кырсыгы 8-июль күнү эртең менең Бишкек-Токмок айлампа жолунун 55-чакырымында катталган.

Автомашина чоң ылдамдыкта Бишкекти көздөй келатып, жолдун каршылаш тилкесиндеги бордюрду барып сүзгөн.

Кырсыктан улам машинанын ичинде олтурган эки эркек менен бир аял ошол жерде көз жумган.

Дагы бир жүргүнчү аял реанимацияга жеткирилген.

Патрулдук милиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Сүрөт: «Заноза»

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: