Аманда Нунес чемпиондук үчүн Валентина Шевченко менен беттешүүдөн баш тартты

Валентина Шевченконун Аманда Нунеске каршы жеңил салмак категориясындагы беттеши болбой калды. Беттешке бир нече саат калганда бразилиялык спортчу ооруканага жеткирилип, андан кийин медициналык комиссиянын уруксатына карабастан мушташтан баш тарткан.

Нунес менен Шевченконун беттеши «UFC 213» турниринин башкы мелдеши болчу. Спортчулар кыз-келиндер арасында жеңил салмактагы чемпиондук кур үчүн ат салышышмак.

Аманда Нунес турнирдин башталышына бир нече саат калганда UFCнин президенти Дэйн Уайтка телефон чалып, ооруканада жатканын кабарлаган.

Спортчу кыз өзүн жаман сезип жаткандыктан мушташка чыккысы келбей жатканын айткан.

Дейн Уайт журналисттерге билдиргендей, медининалык жактан алып караганда Нунес беттешке даяр болгону менен бирок мушташ аянтчасына чыккысы келбей койгон.

Валентина Шевченконун айтымында, каршылашынын ооруканага жаткандыгынын себеби салмагынын туура болбой калгандыгында.

«Бул абдан өкүнүчтүү, мен бүгүн чемпиондук наам үчүн күрөшө албай калдым. Мени дайыма колдоп жүргөн, жада калса Лас-Вегаска чейин мени сүрөөнгө алып келген кымбаттуу күйөрмандарымдын алдында кечирим сурайм», — деп жазган Шевченко өзүнүн «Фэйсбук» барагында.

«Бул жагдайга байланыштуу чоң көңүл калууну сезип жатам, бирок өзүмдү таштабай даярдануума энергия жумшай берем. UFC мушташтын жаңы убактысын белгилей турганын күтөм», — деген кыргызстандык мушкер кыз.

Кыргызстандык Валентина Шевченко аталган беттеште Аманда Нунести жеңсе чемпиондук курду алмак.

Май айынын ортосунда каршылаштардын салтка айланып калган көз караштар дуэлинде спортчу кыздардын ортосунда чыр чыгып кетип, Нунес Шевченкону бетке чаап салган.

Анда Шевченко бразилиялык спортчу алдыда боло турган мушташтан коркуп жатканын айткан.

«Ал мушташуудан коркуп жатат, ошон үчүн өзүн келесоодой алып жүрүүдө. Ал чемпиондук кур өзүндө эки ай гана болоорун түшүнүп жатат. Ошондуктан ал өзүн ушундай көрсөтүп жатат», — деген анда Шевченко.

Нунес менен Шевченко өткөн жылдын март айында мушташка чыгышкан. Анда үч айлампанын жыйынтыгы боюнча калыстар тобу жеңишти бразилиялык спортчуга берип коюшкан.

Ал жеңилүүдөн кийин кыргызстандык спортчу Холли Холм жана Жулиана Пеня менен болгон беттештерде утуп чыккан. Жыйынтыгында UFC рейтингинде өзүнүн салмакташтарынын арасында Шевченко биринчи тепкичке чыга алган.

Нунес жеңил салмак боюнча чемпиондук курду былтыркы жылдын аягында Ронда Роузиге каршы чыгып жеңип алган.

Шевченко менен Нунестин жеңил салмак боюнча чемпиодук беттешинин жаңы убактысы маалым боло элек.

Авторлошу: Субанбек Ташбалтаев
Сүрөт: Esther Lin/MMA Fighting

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: