UFC: Нуньес менен Шевченко көз караштар дуэлинде чатакташа кетишти

Аманда Нуньес менен кыргыз спортчусу Валентина Шевченко салтка айланып калган көз караштар дуэлинде мушташа кете жаздашты. Бразилиялык спортчу Нуньес өзүн кармана албай Шевченкону муштуму менен түртүп жиберген.

Басма сөз жыйыны аяктаган соң спортчулар көз караштар дуэлине чыгышкан. Ортодогу чыңалуу туу чокуга жетип, Нуньес өз эмоциясына ээ боло албай Валентина Шевченкону беттен ары муштуму менен түртүп салган.

Кырдаал курчуп кете жаздап, бирок кыздарды өз убагында ажыратып калышкан.

Кийинчерээк курган маегинде Нуньес, Шевченко ага биринчи тийип кеткенин жана бул андагы тиешелүү реакцияны жаратканын айткан.

«Ал мага биринчи тийди. Силер аны көргөн жоксуңар, анткени мен силерге артымды салып тургам. Ал мага биринчи тийгендиктен мен да тиешелүү түрдө реакция көрсөттүм», — деген Нуньес.

Валентина Шевченконун айтымында болсо, Нуньестин агрессиясы алдыдагы боло турган беттештерге карата анын өзүнө ишенбестигинен келип чыккан.

«Ал беттештен коркуп жатат, ошондуктан өзүн жиндидей алып жүрүп калды. Чемпиондук кур анда дагы эки ай гана боло турганын түшүнүп турат. Ошондуктан ал өзүн ошентип көрсөттү», — деген Шевченко.

Эң жеңил салмактагы UFCнын азыркы чемпиону Аманда Нуньес менен бул категориядагы биринчи катарда турган Валентина Шевченко Лас-Вегастагы UFC 213 турниринин алкагында 8-июнда чемпиондук кур үчүн күч сынашмакчы.

Бул беттеште Шевченко былтыркы жылдын мартындагы Нуньестен утулуп калганы үчүн реванш алууга аракет кылмакчы. Анда үч айлампанын натыйжасында калыстар коллегиясы жеңишти бразилиялык спортчуга ыйгарган болчу.

Сүрөт: Esther Lin/MMA Fighting


ТЕМА БОЮНЧА: