Бишкектеги «Чикаго» эс алуу жайында 28 жаштагы эркек кишини атып кетишкен. Алдын ала маалыматтарга караганда анын өлтүрүлүшүнө кызганыч себеп болгон.

Киши өлтүрүү 8-июлда Юнусалиев жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Чикаго» барында болгон.

Милиция окуя болгон жерге келип, төшүнө ок атылган адамдын сөөгүн табышкан. Ажал тапкан Бишкектин 28 жаштагы тургуну экени аныкталган.

Ыктымал ок чыгарылган травматикалык тапанча кылмыш болгон жерден алыс эмес арыктан табылган.

Кылмышка шектүү катары жаш бала кармалган, анын айтымында ок чыгарууга кызганыч себеп болгон.

Октябрь райондук милициясы «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдарын баштады.

Сүрөт: «Фэйсбук» колдонуучусу К.Шакирова

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: