Сот полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө шектелген Женгону актады

Ош облусунун Кара-Суу райондук соту полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө шектүү Женго каймана аттуу Кадырбек Досоновду актады. Шоноев 2013-жылдын 11-январында өлтүрүлгөн.

Кадырбек Досонов уюшкан кылмыштуу топтун башчысы болгон. Милиция аны эки жыл мурда полковник Толкунбек Шоноевдин өлүмү боюнча шектүү катары кармаган.

Кара-Суу райондук соту эгерде айыптоочу тарап жогорку сот инстанциясына арыз менен кайрылбаса, соттолуучуну токтоосуз бошотуу чечимин чыгарат.

Бул күнгө чеийин Досонов убактылуу абакта камалып турган.

Мурда 2013-жылдын июнь айында ушул эле сот полковник Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө шектүү Арипбек Аскарбек уулу аттуу жаранды өмүр бою эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган. Дагы беш айыпталуучу 25 жылга эркинен ажыратылган.

Ош облустук соту эки айдан кийин дагы үч адамды Шоноевдин өлүмү боюнча 10, 20 жана 30 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган.

Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыктын полковниги Толкунбек Шоноевге куралдуу кол салуу 2013-жылы 11-январь күнү кечинде Ош шаарындагы кичи райондордун бириндеги үйүнүн жанында болгон.

Полковник Шоноевге машинасында олтурганда беш жолу ок атылган. Өкмөттүн расмий катында айтылгандай, Шоноевдин көкүрөк клеткасына төрт ок, дагы бири мойнуна тийген.

Шоноев уюшкан кылмыштуу топ кыймылдарынын мүчөлөрү жана башчыларын издөө боюнча «ыкчам издөө» иш-чараларын жеке өзү уюштурчу.

Толкунбек Шоноев 35 жашта болгон, артында жубайы менен төрт бала калды.

Сүрөт: «Азаттык үналгысы».

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: