Түркия Чубак ажы Жалиловдун Гүлен менен жолугуусуна «нааразы»

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Метин Кылыч Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловдун бозгун диний үгүтчү Фетхуллах Гүлен менен жолугушканына «нааразы» экенин билдирди.

Кылыч бул тууралуу 14-июль күнү Түркияда 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетине бир жыл толгондугуна арналган маалымат жыйынында билдирди.

Түркия элчисинин айтымында, Жалилов 2016-жылдагы окуялардан кийин Гүлен менен жолуккан алгачкы дин ишмери болуп калды.

«Бизди Кыргызстандын диний ишмери Түркияда мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган уюмдун жетекчиси менен жолуккандыгы тынчсыздандырды», — деди Кылыч.

Элчи кошумчалагандай, Кыргызстанда Гүлендин тарапташтарынын саны көбөйүп жатат. Анын айтымында, эгерде мурун алардын саны миңдей болсо, төңкөрүштөн кийин алардын саны үч миңге чейин жеткен.

Жалилов июль айында Гүлен менен АКШга болгон сапарынын учурунда жолугушкан.

«Гүлен өтө жөнөкөй адам болуп чыкты, мындай адамдар менен жолугушуш керек. Мен мындай башчы менен жолугушууга милдеттүүмүн деп ойлойм», — деди Жалилов «Super.kg» басылмасына берген маегинде.

Мурдагы муфтий 2016-жылдын ноябрында өзүнүн «Фэйсбук» барагында Гүленди колдой турганын жазган.

Жалилов, Түркия бийлиги Гүлендин жолун жолдогондорду куугунтукка алып жатканы тынчсыздандырганын, ал «кимдир бирөөлөрдүн мактоосуна муктаж эмес, бирок кыргыз коомчулугуна туура таанытуу зарыл болгон мусулман аалымы» экенин жазган.

«Себат» билим берүү лицейлерин реформалоо

Кылыч маалымат жыйынында көңүл бурган маселелердин бири бул «гүлендик» аталган Кыргызстандагы «Себат» түрк лицейлерин реформалоо тууралуу болду.

Түркиянын элчиси билдиргендей, билим берүү мекемелеринин түзүүчүлөрүнүн курамына Кыргызстандын Билим берүү министрлиги киргенден кийин лицейлерде жакшы өзгөрүүлөр болду.

«Эгерде келечекте мугалимдердин же бүтүүрүчүлөрдүн арасынан кимдир бирөө террористтик аркеттерге катыша турган болсо, өкмөт алардын катышуусуна жол бербеш үчүн конкреттүү чараларды көрө алат. Биздин негизги каалобуз аталган окуу жайлар көзөмөлгө алынып, [Гүленге тийиштүү] уюмдун мүчөлөрүн аныктоо багытында иштердин жүрүүсү», — деди элчи.

Аталган окуу жайлардан «террористик коркунучка» байланышкан ыктымал шектенүүлөрдү жоюш үчүн Билим берүү министрлиги 2017-жылдын март айында «Себат» лицейинин түзүүчүлөр курамына кирип, аталышын «Сапат» деп өзгөрткөн.  

Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет

Түркияда мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу аракети 2016-жылдын 16-июлуна караган түнү болгон. Аскерий төңкөрүшчүлөр борбордук телеканалды, Түркия башкы штабын жана Стамбулдагы Босфор көпүрөсүн колго алышып, бирок кийинчерээк төңкөрүш аракети көзөмөлгө алынган.

Төңкөрүштүн натыйжасында 1500 миңге жакын адам жабыркап, 3000 миңге жакын киши өлгөн.

Түрк бийлиги төңкөрүштү жасоого АКШда жашап жаткан оппозициячыл саясатчы жана диний ишмер Фетхуллах Гүленди күнөөлөгөн. Ал эми Гүлен өзү коюлуп жаткан айыптарды четке каккан.

Төңкөрүш жасоо аркетинен соң президент Эрдоган өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялап, ал ушул күнгө чейин уланып келет. Төңкөрүшкө жана Гүлен менен байланышы болгон 150 миңден ашуун киши кызматтарынан кол жууган жана камакка алынгандар да болгон.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: