Kloop.kgнин редакциясы өзүнүн окурмандарынан сынактарда кандай амалкөйлүктөрдү колдонгондорун сурап көрдү. Жооптордун арасында бюстгалтерге катылган, тырмактагы жазуулар түрүндөгү, аудиокассетага түшүрүлгөн лекциялар сыяктуу шпаргалкалар бар.

Айя Ибраимова. Менде бир гениалдуу ыкма бар болчу. Мисалы, 20 билетти алып, он даанасын кичинекей валикке ороп андан кийин бюстгалтердин эки тарабындагы тарткычына он-ондон ороп чыгасың.

Андан соң үстү жагынан биринчи, экинчи, үчүнчү, төртүнчү, бешинчи билеттерди бюстагалтердин тарткычынан сууруп аласың. Бир дагы жолу байкап калышкан жок. Болгону топчулары чоң, башкача тиликтери бар көйнөк кийиш керек.

Зухра Якупбаева. Сегизинчи класста физика боюнча сынак болгон. Мен формулаларды алаканыма жазып алып, улам карап көчүрүп, сынакта өзүмө канааттанып тапшырып чыккам.

Сынактан кийин ооз эки сурамжылоо болгон. Мен жооп берейин деп алаканымда жооптор жазылганын унутуп, колумду көтөрүп алгам.

Мугалим колумда бир нерсе жазылганын көрүп калып баарын түшүндү. Класташтарымдын алдында барына колумду көрсөтүүнү талап кылган эле мугалим, өтө жаман болгом. Натыйжада сынак ишимди алып алган мугалим.

Гүлзинат Суранчиева. Ооба, мен дагы шпаргаларды кээде ийгиликтүү колдончумун, ал эми кээде кармалып да калган учурлар болгон. Консерваторияда музыкалык талдоо жүргүзгөндү окуп жаткан кезде, кокустуктан түзүлүп калган абалдан чыгып кеткенди жакшы билчү элем.

Бир жолу шпаргалка колдоном деп кармалып калдым, бирок биздин мугалим ырчы Алла Пугачеваны жакшы көргөнүн билээр элем, анан дароо эле Пугачеванын репертуарындагы «Мадам Брошкина» деген ырын созо баштадым. Ошентип кырдаалдан чыгып кеткем.

Артем Владимиров. Биздин абдан жакшы класс жетекчибиз бар болчу, «абдан туура жүргөн жигит». Ал жаштарга жакын болуп чоң класстарда окуган балдардын «маселе чечүү» зарылдыктарын туура түшүнчү.

Ал эле эмес айрым бир билим деңгээлин текшерүү сабактарындагы сынактарды тапшыруу учурларында ал атайлап мугалимдерди коридорго «маектешүүгө» чакырып кетип жардамын берип турчу. Ошентип биздин тез-тезден көчүрүп алганга мүмкүнчүлүгүбүз пайда болчу.

Евгения Камур. Мектепте алгебра сабагынан сынак башталып калып, лак менен тырмагыма теңдемелерди жазып алгам. Ал өтө бир өзгөчө маникюр болгон эле. Биринчи кезекте тырмакты ак лак менен боёп, андан соң кара түстөгү кыл калем менен мага керектүү теңдемелердин баарын жазып алдым.

Эч ким байкап калган жок. Бирок ал мамлекеттик сынак болгондуктан шпаргалкалар мага жардамын бербеди. Кудайга шүгүр алгебраны мен жакшы билчү элем.

Эркин Нурбаев. Андай учурлар болгон. Бир жолу группалашым кагазга жазылган шпаргалканы мугалимге карматып жибербейин деп биздин көзүбүзчө оозуна салып чайнап салган. Гармошка жасап курга катып кирип да калдык.

Александр Паленый. Бул 1991-жылы болгон окуя. Ал кезде уюк телефондор чыга эле болчу. Сынакты тапшырууга мен өзгөчө чыгармачылык багытта карап даярданууну чечтим.

Мисалы, геометрия жана алгебра сабактарынан тапшырмалар болот. Аларга билеттер жазылган.

Мен тааныштарымдын «Эра» көчүрмө аппаратынын жардамы менен китептеги жоопторду жаздырып чыгарып алгам.

Эгерде байкап калышса ал типографиялык ката сыктуу көрүнүп калмак, ошон үчүн сынака келип байкоо салгандар эч нерседен күмөн санашкан жок.

Ал эми тарых сабагынан конспекттин баарын жаттап чыгуу көп убакытты талап кылат, ошондуктан биз билеттин баарын аудиокассетага жаздырып алганбыз. Наушниктердин ордуна биз кичиней динамиктерди кур аркылуу кийимдин жеңине чыгарып, ал эми колду көтөрүп кулакка такап укчубуз. Ал эми сынактын байкоочулары колдорун кулакка такап алып жазган ыңгайлуу деп ойлоп калышчу.

Ал эми кассетаны плеердин капкагын ачып ортосуна коюп койчубуз, бул эгерде башка билет келип калса байкатпай алмаштырып койгонго оңой эле. Ошентип сынактардан мыкты деген бааларды алып чыкчубуз.

Влад Вейнгардт. Биз «шпаргалка» менен конспекттерди дааратканага катаар элек. Сынак учурунда бир жолу суранып чыгып дааратканадан жаттап алып киргенге аракет жасачубуз. Менин эстегеним боюнча дал ушундай кылчубуз, эгер мен жаңылышып жатсам классташтар менен группалаштарым мага башкача болгонун айтып бере алышат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: