Жээнбеков бир эле учурда шайлоого катышып, премьер-министрлик кызматты да аркалай алабы?

Учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкер катары документтерин тапшырды. Юрист Фатима Якупбаева менен БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиев ал кайсыл учурга чейин премьер-министрлик кызматты аркалай ала тургандыгы боюнча түшүндүрмө беришти.

1Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер катары катталган соң кызматынан кетиши керекпи?

Жок, милдеттүү эмес. «Президентти жана парламеттин депутаттарын шайлоо» боюнча мыйзамына ылайык, премьер-министр БШКга катталган күндөн тартып (2017-жылдын 10-сентябрынан баштап) шайлоонун жыйынтыгы аныкталган күнгө чейин өзүнүн ишмердигин токтото алат.

Мындай учурда Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрына чейин кызматында кала алат, андан соң гана өз милдеттерин аткарууну убактылуу токтото алат.

210-сентябрдан кийин премьер-министрлик кызматты ким аркалай алат?

Премьер-министр милдетин токтоткон учурда анын ордуна өкмөт башчылык кызматка биринчи вице-премьер министр келет. Учурда бул кызматты Мухамметкалый Абулгазиев ээлеп турат.

3Премьер-министрдин бардык ыйгарым укуктары анын «милдетин аткаруучуга» өтөбү?

Жок, баары эмес. Министрдин милдетин аткаруучу баардык ыйгарым укуктарын аткара албайт.

  • Премьер-министр же өкмөттү отставкага кетирүү маселесин көтөрө албайт;
  • Өкмөт мүчөлөрүн кызматтан алуу же кызматка коюу сунуштарын киргизе албайт;
  • Административдик ведомстволордун, өкмөттүн ыйгарым укуктуу элчилерин жана өкмөткө караштуу уюмдардын жетекчилерин кызматтан алып же кызматка коё албайт;
  • Парламенттин алдында өкмөткө ишеним артпоо маселесин коё албайт.

4Калган министрлер дагы «убактылуу милдет аткаруучулар» болуп калышабы?

Жок. Калган министрлер мурдагыдай тартипте эле иштей беришет.

5Шайлоо бүткөндөн кийин эмне болот?

Эгерде кызматын убактылуу токтоткон премьер-министр шайлоодо жеңип чыкпай калса, ал кайра өкмөт башчылык кызматын аткарууга кирише алат. Бирок эгерде жарандардын тандоосу Жээнбековго түшсө, анда ал тийиштүү түрдө премьер-министрлик кызматынан кетет.

6КСДПда бул жөнүндө эмне деп жатышат?

КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары Фарид Ниязов 15-июлда өткөн партиянын съездинен соң Жээнбековдун алдында азыр кызматтан кетүү же болбосо кызматын убактылуу токтотуу боюнча тандоо турганын билдирген. Бул чечимди саясатчы өз алдынча кабыл алышы керек.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: