Акыйкатчы: Кыргызстанда милициянын «тазалоосунан» улам секс кызматкерлердин абалы начарлап кетти

Акыйкатчынын адам укугун коргоо боюнча отчетунда милициянын бир жыл мурун «сойкуларды тазалоо» боюнча кабыл алган чечиминен соң секс кызматкерлердин абалы начарлап кеткени айтылат. Бирок ИИМден сойкуларды кармоо операциясы «укуктук багытта» жүрүп жатканын билдиришти.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын начальниги Самат Курманкулов 2016-жылы туристтик сезонго жана рамазан айына карата «шаарды сойкулардан тазалоо» керек экенин жарыялаган.

Анда рейддин биринчи жумалыгында 150 сойку кармалган. Бирок орозо бүткөндө деле жай мезгили сойкуларды аңдуу иши токтогон эмес.

Акыйкатчынын отчетундагы маалыматтарга ылайык, «Шах-Айым» коомдук уюму 2016-жылдын 9 айында өлкө боюнча тартип сакчылары тарабынан коммерциялык багыттагы сойкуларга карата көрсөтүлгөн 284 зомбулук учурду каттаган.

Милиция сойкуларды кармоо үчүн административдик жоопкерчилик кодексинин «бейбаштык» беренесин колдонушат, анткени Кыргызстанда коммерциялык багыттагы секс кызматкерлердин ишмердиги тартипти бузуу болуп эсептелбейт жана кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Отчетто айтылгандай, милиция кызматкерлери ыйгарым укуктарын дайыма аша чаап колдонушат. Алар тараптан мыйзам бузууларда төмөндөгүлөр бар: (сурамжылоого алынгандардын 88%) опузалап талап кылууну айтышкан, мыйзамсыз кармоо (79%), коркутуп-үркүтүү (77%), кармоо учурунда укуктарын түшүндүрбөй коюу (68%), сөздөр менен кемсинтүү жана басмырлоо (46%).

Милиция беш учурдун төртөөсүндө аялдарды акчага коё беришет.

Бишкек милициясы системалык түрдө өткөрүлгөн рейддерден тышкары коммерциялык багытта иштеген сойкулардын жеке жашоосуна болгон укугун бузуп, жарандарды аларды сүрөткө тартууну суранышат.

«Мындай чакырык кыймылдардын колун бууп, көп учурда мамлекет уруксат берген өзүн-өзү жазалоого алып келет», — деп айтылат отчетто.

Ошондой эле отчетко ылайык, сойкуларга ачык эле кол салуу учурлары катталган. Ошто жаш балдардан түзүлгөн кыймыл ачык эле сойкуларга кол салып, аларды сабап, баарын видеого тартышкан.

Мындай учурлардын биринде милиция жанында туруп, кол салуучуларга каршы эч кандай чара көргөн эмес.

«Сойкулар өлтүрүп кетүү, коркутуп-үркүтүүлөрдүн айынан арыз жазуудан таптакыр баш тартышкан», — деп айтылат отчетто.

Акыйкатчынын айтымында, Башкы прокуратура сойкуларга карата көрсөтүлүп жаткан зомбулукту көзөмөлдөп, анын көрсөткүчүн азайтып, ал эми парламент алардын укугун коргогон мыйзам иштеп чыгышы керек.

Бирок ИИМдин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде милиция сойкуларды кармоону «укуктук ченемде» жүргүзүп жатканын айтты.

«Рейддик иш-чаралардын көпчүлүгү ЖМКнын катышуусунда жүргүзүлгөн. Эгерде укук коргоо органдары тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузуулар болсо, анда дароо эле каттоого алынмак. Эгерде андай далилдер болсо, териштиребиз, текшерүү иштерин жүргүзөбүз», — деди ал.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: