Бишкек-Ош авто жолунун курулушу үзгүлтүккө учурады

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары учурунда Бишкек-Ош жолунун 113-чакырымдагы абалын көрүп сынга алды. Жээнбеков билдиргендей, Транспорт министрлигине караштуу Бишкек-Ош жолунун Мамлекеттик дирекциясынын башчысын кызматтан алуу керек.

Жээнбеков 19-июлда мамдирекциянын Бишкек-Ош жолу боюнча ишин «катуу» сынга алды.

Ал 113-чакырымдагы жол тилкесинин абалына жана бир жарым айдын ичинде кызматкерлер болгону 2,5 чакырым асфальт төшөгөнүнө нааразы болду.

Премьер-министр билдиргендей, «кесипкөйлүк эмес, шалаакылык» жана «мурда белгиленген курулуштун убакыттары үзгүлтүккө» учураганы үчүн Бишкек-Ош жолу боюнча мамдирекциянын башчысы Изатбек Токтомамбетов жоопкерчилик тартышы керек.

Жээнбековдун айтымында, ага күн сайын жолдун начар абалына арызданган каттар келет жана Токтомабетовду кызматтан алуу буйругу берилген.

«Оңдоо иштери жакында эле башталганын көрүп турам. Элдерден дайыма Бишкек-Ош жолунун начар абалына арызданган каттар келет. Күн сайын бул жол аркылуу эки миңге жакын авто унаа өтөт. Жумуш башталгандан тартып 45 күн ичинде болгону 2,5 чакырым асфальт төшөлгөнүнө ишенүү кыйын», — деди Жээнбеков.

Өкмөт башчы белгилегендей, мамдирекциянын каржылоо жана бөлүштүрүү боюнча көйгөйлөрү жок, карамагында бардык керектүү техникалары бар.

«Эгерде аба ырайы деле күндүзү иштегенге мүмүмкүнчүлүк бербесе, жумушту түнкүсүн улантуу керек болчу. Мындайча айтканда каржылоо боюнча көйгөй жок, бардык керектүү техникаңар тартылган. Өзүнчө бир аткаруучулардын шалаакылыгы менен кесипкөйсүздүктөрүнөн улам бардык арыздануулар өлкөнүн өкмөтүнө түшүп жатат», — деди ал.

Натыйжада Жээнбеков бардык жол оңдоо иштерин 15-августка чейин бүтүрүүнү буйруду, болбосо курулуш иштерине жоопкерлерлер жазаланат.

Мамлекеттик дирекция август айынын ортосуна чейин оңдой турган жолдун жалпы узундугу 12 чакырым, анын 2,5 чакырымы салынып бүттү. Буга чейин өкмөт жол оңдоо иштерине 98 миллион сом бөлгөн.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: