Бишкек-Ош жолуна картондон жасалган кайгуул милиционери коюлду

Картондон жасалган кайгуул милиционердин макети Бишкек-Ош жолундагы кооптуу тилкелер жөнүндө эскертип турат. Мындай макеттер кырсык көп болгон жолдордо да пайда болушу ыктымал.

Картондон жасалган тескөөчүнүн макети Бишкек-Ош жолунун 143-чакырымына орнотулду. Ал колунда радар кармап, кызматтык унаанын жанында турган милиционерди элестетет.

Кайгуул милициянын башкармалыгынын өкүлү Медер Шабданов Kloop.kgге маалымдагандай, картондон жасалган кайгуулчуну айдоочулар чыныгы кызматкердей көрүп, кооптуу тилкелерде унаанын ылдамдыгын басаңдатышат деген максатта коюлган.

«Бул ылдамдыкты жогорулата турган жол тилкеси. Бул жол тилкеде саатына 60-чакырым ылдамдыктан ашпоо керектигин билдире турган белгиге карабастан, айдоочулар баары бир унаанын ылдамдыгын күчөтүшөт», — деди ал.

Шабдановдун айтымында, аталган макеттен бирөө эле, ал эксперимент катары коюлган. Ал 24.kgге айткандай, мындай жасалма кайгуулчулар башка кооптуу жол тилкелерине дагы коюлушу мүмкүн.

«Эгерде жарандар оң баасын беришсе, мындай макеттер эң эле кооптуу, кырсык болушу ыктымал болгон жол тилкелерине орнотулат. Азырынча канча санда табыштама берилээри белгисиз» — деген ал.

Шабдановдун айтымында, макет жасоо идеясы Кайгуул милиция башкармалыгы менен Ички иштер министрлигине таандык. Мындай жол менен алар укук коргоо органдарында «кызматкерлердин жетишсиздигин» айткылары келген.

Бишкек-Ош авто жолу — Кыргызстандагы эң узун жолдордун бири. Ал өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирип турат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: