Liglass Tradingдин башчысы: Кыргызстанда ГЭС курууга кетчү акчаны мен 10 жылда топтогом

Liglass Trading компаниясынын башчысы Михал Смелик билдиргендей, Жогорку Нарын ГЭСи менен 10 чакан ГЭС курууга кете турган каражаттын жарымы жеке өзүнө таандык.

Смелик «Азаттык үналгысына» курган маегинде, Liglass Trading «чакан» ишкана болгонуна карабастан, ал Чехия менен Словакияда электр станциясын курган биринчи компания болгон.

«Мен 2007-жылы Liglass Tradingди сатып алып, анын ишмердигин кайра жанма энергия тармагына бургам. Мен Чехия менен Словакиянын базарында биринчилерден болуп электр станциясын кургандыгымды айта алам. Бул жөнүндө ЖМКларда дагы жазылган», — деди ал.

Liglass Tradingдин башчысы билдиргендей, ГЭС курууга жумшай турган каражаттын көпчүлүгү — бул анын «жеке топтогон акчалары».

«Аталган акчанын көпчүлүгү менин жеке каражатым, мен аны 10 жыл ичинде топтогом», — деди Смелик.

Прагада «Азаттык үналгысына» курган маегинде, ал компаниясынын лицензиясы жоктугун мойнуна алды.

«Бул жерден мага карата, силердин лицензиянар жок, силер турбина өндүрүп чыгарбайсыңыр деген жөнү жок айыптоолор башталды. Меники менеджерлик компания, аймакты мыкты эксперттерди жумушка алып, жергиликтүү ишканалар менен кызматташат», — деди ал.

Liglass Trading компаниясы ишбилгилиги боюнча шек саноолор, алар Кыргызстан менен Жогорку Нарын ГЭСи менен кошо 10 чакан ГЭСти куруу боюнча келишим түзгөндөн кийин бир жумадан соң башталган.

Кыргызстан чех компаниясы менен келишим түзөөр алдында беш ай мурун тышкы иштер министрлиги Liglass Trading фирмасы менен кызматташпоону өтүнүп кеңеш берген. Аталган минстрлик компаниянын ишкердик бедели жана мурдагы ийгиликтүү келишимдери боюнча маалымат тапкан эмес.

Ошондой эле Actualne басылмасынын журналисттери Liglass Trading компаниясы катталган дарек боюнча барып көрүүнү чечишкен, бирок ал жерде алар каралбай калган, үстүнөн суу тамчылаган имаратты көрүшкөн.

Бирок буга карабастан Энергетика боюнча мамлекеттик комитет Liglass Trading компаниясынын эсебинде 383 миллион евро бар жана азырынча ГЭС куруу боюнча кызматташтыкты токтотпой турганын билдирген.

Бир жума ичинде Liglass Trading 2016-жылы Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын кура баштаган «РусГидро» компаниясына 37 миллион доллар төлөп берет.

Бирок андан мурда кыргыз өкмөтү «РусГидро» менен кызматташууну токтоткон. Орусия өз кезегинде келишим бир жактуу жокко чыгарылганы үчүн Кыргызстандан кун төлөп берүүнү талап кылган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: