Текебаевдин иши: Прокурор өз эрки менен кызматтан кетти

«Ата мекен» оппозициялык партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун мамлекеттик айыптоочусу өз каалосу менен кызматынан бошоп кетти. Прокурор Кубанычбек Бейшекеев пенсияга чыкканына байланыштуу кызматынан кетүү боюнча арыз жазган.

«Ал өзү бир канча күн мурун пенсияга чыгууга байланыштуу кызматтан кетүү боюнча арыз жазган», — деп айтты Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы.

Бейшекеев Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго каршы соттук отурумдарда мамлекеттик айыптоочу болгон.

Текебаевдин жактоочулары аны менен кошо прокурор Абышевди жана Исраиловду соттон четтетүүнү суранып, аларга каршы кылмыш ишин козгоону суранышкан.

Оппозициячынын юристтеринин айтымында, алар «айыпталуучулардын кызыкчылыгына каршы процессуалдык укуктары менен кыянаттык кылышкан».

Бейшекеев бир жыл мурун Бишкек шаарына кызматтан алынган Нурлан Сулайманкуловдун ордуна прокурор болуп дайындалган. Буга чейин ал Ысык-Көл облусунун Тоң районунда прокурор болуп эмгектенген.

Нурлан Сулайманкулов.

Сулайманкулов коомдук желелерде жардамчысы жаан жаап аткан учурда анын башында кол чатырды кармап турган сүрөтү пайда болгондон кийин кызматтан алынган.

Бул аткаминерлерди мыскылдаган #umbrellachallenge хэштеги менен жаралган бир катар сүрөт мемдердин чыгышына себеп болгон.

Ал учурда президент Алмазбек Атамбаев аткаминерлерди «керсейгендик» боюнча айыптаган.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: