Депутат Исхак Масалиев президенттик шайлоого катышат

Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев «Кыргызстандын коммунисттер партиясынан» президенттик кызматка көрсөтүлөт.

Эл өкүлү өзү башчылык кылган «Кыргызстандын коммунисттер партиясынан» президенттикке ат салышат.

«Мыйзам боюнча "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын катарына кирген эмесмин. Мыйзамда ушундай мүмкүнчүлүк каралган. Депутаттык жана фракциянын тартибин аткарууга даярмын, бирок, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын ички ишине кийлигишпейм», — деген ал Азаттык үналгысына курган маегинде.

Масалиев президенттикке ат салышаарын «Өнүгүү-Прогресстин» башчысы Бакыт Төрөбаев менен макулдашкан эмес, өз кезегинде Төрөбаев да президенттик кызматка талапкерлигин койгон.

«Ал киши [Бакыт Төрөбаев] менен макулдашуунун кажети жок, бирок кабар катары айткам», — деген Масалиев.

Эгерде президент болуп шайланып калса Масалиев стратегиялык объекттерди мамлекеттин балансына өткөрүп берүүнү убада кылып жатат.

Масалиев 2011-жылы дагы Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин койгон.

Кыргызстандын кезектеги президентин шайлоо ушул жылдын 15-октябрында өтөт. Бул кызматка талапкер болгондордун саны 37ге жетти.


ТЕМА БОЮНЧА: