Шайлоо-2017: Белгисиз адамдар Сариевдин Оштогу штабына кол салышты

Белгисиз адамдар 19-июлга караган түнү президенттике талапкер Темир Сариевдин Ош облусундагы штабына кол салышты. Буга чейин бир күн мурда сотто Сариев оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевдин пайдасына көрсөтмө берген.

Сариевдин басма сөз катчысы Назира Ахмедова Ош облусунун Араван районундагы президенттикке талапкер Темир Сариевдин штабына кол салуу болгон маалыматты ырастады. Анын айтымында, 19-июлга караган түнү белгисиз адамдар имараттагы көрнөктөрдү жок кылышкан.

«Арам ойлуулар штабдын жасалгаларын сыйрышып, штабка кирүү аракетин көрүшкөн. Штабда кызматкерлер жана партия лидеринин тарапташтарынын маалыматтык базасы жана телефон номерлерин камтылган техникалар болгон», — деп жазган Ахмедова өзүнүн «Фейсбук» барагында.

Штабдын өкүлдөрү райондук милицияга кайрылышып, алар мүлктү жарактан чыгаруу фактысын белгилешкен. Учурда күч түзүмдөрү тергөө амалдарын жүргүзүшүүдө. Араван РИИБи материалды чыгарып жаткан учурда комментарий алууга жеткиликсиз бойдон калды.

Штабдын өкүлдөрү билдиришкендей, шайлоо «ыплас технологияларды», коркутуп-үркүтүүлөрдү колдонбой таза жана акыйкат өтүшү керек.

Кол салуу Сариевдин бир күн мурда оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевдин пайдасына көрсөтмө берүүсүнөн кийин болду.

Учурда Текебаевдин үстүнөн соттук иш каралып жатат. Саясатчыны орус ишкери Леонид Маевскийден бир миллион АКШ доллар пара алган деп күнөөлөшүүдө.

Темир Сариев президенттик кызматка талапкерлердин бири. «Ак шумкар» партиясы анын талапкерлигин 19-июлда көрсөткөн.

Сариев буга чейин экономика министрлигин жетектеп, андан соң парламентте депутат болуп отурган жана премьер-министрлик кызматты аркалаган. Ал премьер-министрлик кызматтан «Лонг-Хай» компаниясынын кызыкчылыгын сүрөөлөгөн деген айыптардан кийин кеткен.

Аталган компания Балыкчы-Корумду жолун курууга жарыяланган тендерде лицензиясыз утуп алган. Ал эми Сариев бул айыптоолорду четке кагып, премьер-министлик кызматты Сооронбай Жээнбековго өткөзүп берген.

Сариевден тышкары азыркы КСДП президенттик партиясынан премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана коррупцияга шектелип убактылуу кармоочу жайда камакта отурган оппозициячыл саясатчы Өмүрбек Текебаевди кошкондо жалпы 30 адам президенттикке талапкерлигин коюшкан.

Ал эми президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтөт.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: