Ала качууга дуушар болгон польшалык мугалим кыз арызын кайтарып алды

Польшадан келген мугалим кыз Агнешка Квецен ала качууга аракет кылган жигиттерге каршы бардык айыптоолорунан баш тартты. Милиция кармаган жигиттер кызга жардам бергиси келгенин жана «жаман ойлору» болбогонун айтышкан.

Квецен жакын арада Африкага кетип жатканына байланыштуу өз арызын кайра кайтарып алганын билдирди.

«Мен бул ишти улантып, милиционерлерге жардам бергим келет, бирок мен анте албайм. Келаткан айда мен Африкадагы университетте магистратурада окуш үчүн кетип жатам. Мен бардык документтерди жана визаны даярдашым керек», — деди ал Kloop.kgге.

Ал өз арызын милиционерлер кызды ала качууга аракет кылды деп шектелгендерди кармагандан кийин эле кайтарып алган.

Ысык-Көл облусунун милициясы кабарлагандай, кызды ала качууга аракет кылгандар Балыкчы-Корумду жолун салып жаткан «Лонг Хай» компаниясынын жумушчулары болуп чыккан.

«Биз европа улутундагы бир кызды көрүп калып, ага жеткирип коюуну сунуш кылдык, ал баш тартканда биз андан ары кете бердик. Ал жергиликтүү эмес болгондуктан коркуп кетип, башка машинага отуруп алды», — деп айтып берди жигиттердин сөзүн милиция кызматкери.

Бирок польшалык мугалим кыз Kloop.kgге курган маегинде бир эркек киши машинадан түшүп, аны кучактап автомобилдин салонуна киргизүүгө аракет кылганын айтып берген.

Ысык-Көл ИИБнин басма сөз катчысы Сталбек Усубакуновдун айтымында, экинчи машинанын айдоочусу аны ала качууга аракет кылган эмес, «тил билбегендиктен» аны жакшы түшүнбөй калган.

«Ал кайда иштээрин айтканда айдоочу аны чоң жолго чейин чыгарыш керек экен деп түшүнүп алган. Ал да орусча жакшы түшүнбөйт», — деди Усубакунов.

Квецен болсо кыргызстандыктарга колдоосу жана миңдеген жакшы каалоо-тилектери үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бул окуя менин Кыргызстанга болгон мамилеме эч кандай таасир этпейт. Мен бул өлкөнү жана адамдарын жакшы көрөм», — деди ал.

Польшалык кызды ала качуу

Польшадан келген мугалим кыз Агнешка Квеценди белгисиз жигиттер 23-июль күнү «Радуга» жана «Карвен Четыре Сезона» пансионаттарынын ортосунда ала качууга аракет кылышкан.

Квецендин ала качууга дуушар болгону жөнүндөгү материал Kloop.kg сайтында 25-июль күнү жарык көрүп, коомдук желелерде чоң талкууларга жем таштаган.

Айрым колдонуучулар польшалык кызды өтө ачык кийинип алгандыктан ала качууга дуушар болгонун айтып күнөөлөшсө, кээ бири, тескерисинче, аны колдоп, милициянын чара колдонушун талап кылышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: