Ысык-Көл: Милиция польшалык мугалим кыздын окуясын иликтейт

Ысык-Көл районунун милициясы польшалык мугалим кыз Агнешка Квецендин арызы боюнча иликтөө иштерин баштады. Аны белгисиз жигиттер ала качууга аракет кылышкан болчу.

Ысык-Көлдүн милиционерлери Квеценди ала качууга аракет кылган машинанын айдоочуларын издей башташты.

Алар «Кайнар» термалдык булагынын администрациясынан жана бул иш боюнча башка күбөлөрдөн көрсөтмөлөрдү алышкан. Ал жерде чет элдик мугалим кыз мурун конуп калган болчу.

Милициянын иликтөөсү Польшанын 24 жаштагы жараны Квеценди белгисиз жигиттер «Радуга» жана «Карвен Четыре Сезона» пансионаттарынын ортосунда ала качууга аракет кылышкандан эки күн өткөндөн кийин башталган.

Алгач Квецендин ала качууга дуушар болгону жөнүндөгү материал Kloop.kg сайтында жарык көрүп, коомдук желелерде чоң талкууларга жем таштаган. Андан тышкары, польшалык мугалим кыз Чолпон-Атанын милиционерлери анын арызын кабыл ашыканын, бирок өзүнүн тышкы келбетинен улам алардын сексисттик мүнөздөгү мамилесине кабылганын айткан.

Милиция иликтөөнүн жыйынтыктары туурасында кийинчерээк маалымат берээрин билдирди.

Сүрөт: Данияр Иманалиевдин «Фэйсбук» барагы


ТЕМА БОЮНЧА: