Оштогу адвокаттар бирикмесинин имаратын мэрия бузганын айтты

Ош шаарынын мэриясы 26-июлда Адвокаттар бирикмесинин имаратын бузганын билдирди. Ал жерде иштеген юристтер бийликтин «мыйзамсыз» чечимине нааразы болуп жатышат.

Ош мэриясынын ишендиришинче, алар Адвокаттар бирикмесин бир нече жолу «мыйзамсыз курулган» имаратты жакын арада буза турганы боюнча эскерткен.

Муниципалитеттегилердин белгилешинче, имарат адвокаттардын көзүнчө күндүзү эле бузулган.

Ошол имаратта эмгектенген юристтер өздөрү «Турмуш» басылмасына билдиришкендей, адвокатура мэриядан же башка мекемеден эч кандай эскертме алган эмес.

«Качан Кыргызстанда баары мыйзам боюнча болот? Биз Башкы прокуратурага имаратты бузуу кимдин кызыкчылыгына экенин аныкташ үчүн кайрылдык. Баары мыйзамдын чегинде болушу керек. Имаратты бузуу боюнча документ болушу керекпи, бирок ал да жок», — деп билдирген адвокат Тургунбай Коконов.

Анын билдиришинче, Адвокаттар бирикмеси Ош шаардык прокуратурасына ким имаратты бузганын териштириш үчүн арыз менен кайрылган.

Ош адвокатурасынын имараты 26-июлда бузулган. Адвокаттар имарат алардын уруксатысыз, кечинде бузулганын айтышууда.

Юристтердин оюнча, окуянын келип чыгышына имараттын жанындагы кошуна үйдө жашаган киши менен чырдашуу себеп болушу мүмкүн.

Ош облустук адвокатурасында 140 юрист иштейт. Алар Ош шаарынын жана Ош жана Баткен облустарынын тургундарына юридикалык кызмат көрсөтүп келишет.

Сүрөт: «Турмуш».


ТЕМА БОЮНЧА: