Текебаевдин адвокаттары: Маевскийдин паспортунда 2010-жылыдын майында Кыргызстанга киргени боюнча белги жок

Оппозициячы Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин паспортунан 2010-жылы Кыргызстандын чек арасынан өткөнү тууралуу белги таба алышкан эмес. Адвокаттар бул Текебаевдин күнөөсүздүгүн далилдейт деп эсептешет. Айыптоочулар бул боюнча комментарий беришкен жок.

Айыптоочулардын версиясы боюнча, орусиялык ишкер Леонид Маевский Текебаев менен 2010-жылдын 13-майында жолугушкан. Тергөөчүлөр Текебаев бул жолугушууда «Мегаком» байланыш компаниясын башкарууну Маевскийдин колуна өткөрүп бериш үчүн 1 млн доллар алуу тууралуу сүйлөшүшкөн деп эсептешет.

Иштин материалдарды изилдөө учурунда 28-июлдагы соттук отурумда белгилүү болгондой, тиркелген Маевскийдин паспортунун көчүрөмсүндө Кыргызстандын чек арасынан 13-майда өткөнү тууралуу штамп коюлган эмес.

«Мен судья дагы көрүшү үчүн чоңойткучту алып келдим. Биз чоңойткуч менен карадык. Маевскийдин паспортунда анын Кыргызстанга учуп келгени, дегеле чек арадан өткөнү туурасында штамп жок», — деди Текебаевдин адвокаты Чынара Жакупбекова.

Анын оюнча, бул Маевскийдин жалган көрсөтмө бергенин далилдейт.

Айыптоочу тарап «азырынча иштин материалдарын изилдөө жүрүп аткандыктан» комментарий берүүдөн баш тартты.

Адвокаттар болсо Текебаев Маевский менен эки жолу гана жолукканын айтып жатышат: биринде 2010-жылдын августунда «Супара» ресторанында, андан кийин Москвада. Адвокаттардын версиясы боюнча, Текебаев Маевский менен Орусиянын мамдумасынын депутаттары менен мамилелерди түзүш үчүн жолугушкан.

Текебаевдин иши

Оппозициялык «Ата мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев коррупция жана алдамчылык боюнча айыпталып камакта жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет аны 2017-жылдын февраль айында кармаган.

Текебаев Маевскийден пара алуу боюнча айыптоолорду четке кагып, бул ишти бийлик тарабынан саясий буйрук деп эсептейт.

Оппозициячы Текебаев — президент Алмазбек Атамбаевдин саясатына сын-пикир айткандардын бири жана өлкө башчысы демилгелеген 2016-жылдагы Конституциялык реформага каршы чыккан саясатчы.

Андан тышкары саясатчы камалганга чейин Атамбаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн Кипрдеги мүлкү тууралуу ЖМКга айтып берген эле.


ТЕМА БОЮНЧА: