Жайлоодогу бий: Келин образындагы студент кыз эрте турмуш курууга кантип каршылык билдирип чыкты?

Бийлеген келин образындагы вирустук видеонун автору жана каарманы Сайкал Жумалиева Kloop.kgнин эфиринде эмне үчүн Кыргызстандагы эрте турмуш курууга жана сексизмге каршылык билдирип чыккысы келгени тууралуу айтып берди.

Июль айынын башында бишкектик студент кыз Сайкал Жумалиева «Инстаграмга» видео чыгарып, анда Нарын жайлоолорундагы боз үйдүн фонунда 70-жылдардагы хит ырларга бийлеген келиндин образын көрүүгө болот. Тасма дароо эле вирустук болуп кеткен.

Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар эле эмес, чет элдик Би-би-си жана «Медуза» сыяктуу маалымат каражаттары да жазып чыгышты.

Видео каршылык

Сайкал Жумалиеванын оюнча, видеого кызыккандардын эки толкуну болгон. Анын айтымында, алгач баары бул видео жөн гана тоолуу аймактагы турмуш-тиричиликке жардам берген кыргыз келиндерине пародия деп ойлошкон.

Кызыккандардын экинчи толкун болсо Би-би-сиге курган маегинен кийин башталган. Анда ал видеодогу каршылыгы тууралуу айтып берген.

«Мен азыр 21 жаштамын, анан акыркы убактарда менин турмуш курушум боюнча сөз кыла башташты. Ата-энем, туугандарым жолугуп калышып, анан башташат “Ай, Сайкал турмушка чыгыш керек. Сүйгөн жигити бар бекен мунун?” Мунун баары топтолуп олтуруп, бир убакта ушул кичинекей каршылыкка айланды», — дейт Сайкал.

Анын айтымында, мындай басымга курбулары да туш болушат. Ал кыздар билим алуусу менен карьерасын таштап, ата-энесинин көшөрүп туруп алганынын айынан кантип турмушка чыгып атканын байкаган. Сайкалдын оюнча, Кыргызстанда кыздарга кичинесинен турмуш курууну биринчи орунга коюуну үйрөтүшөт.

Сайкал кыздарга кичине кезинен өз алдынча чечим чыгара алышы керек экенин жана коомчулуктун пикиринен көз каранды болбошу керек экенин үйрөтүш керек деп эсептейт.

«Мени көргөндө эле феминист экеним түшүнүктүү болсо керек. Мен өз укуктарымды талашып, кыздар дагы өз укуктарын талашышын каалайм», — дейт Сайкал.


ТЕМА БОЮНЧА: