Москвалык байбиченин Ноокендеги үй-бүлөсү

Ноокендик Гүлмира Исмаилова бир жылдан бери москвалык пенсионер Светлана Загребневаны өз үйүндө багып жатат.

Макаланын түп нускасы Азаттык үналгысынын сайтына чыккан.

76 жашка таяп калган Светлана Загребнева пенсиядагы курагын Кыргызстанда өткөрөм деп такыр ойлогон эмес. Болгондо да чеке кыштактардын биринде тааныбаган эле кишилер менен бир туугандай өмүр кечирүү жети уктаса да түшүнө кирбегенин айтат:

- Кыргызстанга келгениме бир жыл болду. Мен астма менен жабыркачу элем. Бул жакта өзүмдү аябай сонун сезип жатам. Мага жакшы мамиле кылышат. Ыраазычылыгымды сөз менен жеткире албайм.

Светлана байбичени Кыргызстанга Гүлмира Исмаилова алып келген. Азыр Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунун Параканда деген айылында өз үйүндө багып жатат.

Гүлмира Исмаилова мурда мектепте орус тилинен сабак берчү. Үч-төрт жыл мурун Орусияга барып иштеп келүүнү чечкен. Ал жакта фирмалар аркылуу улгайган кишилерди багып эмгектенген. Алардын бири Светлана Загребнева болчу.

- 2016-жылдын 19-июнунда Светлана Федоровнаны үйүмө алып келдим. Себеби анын үй-бүлөсү менен эки жыл иштеп, ишеничине да кирип калгам. Бул кемпирдин бир кызы бар. Уулу да болгон экен, бирок көзү өтүптүр. Үйлөрүндө ремонт башталган эле. Чаңда кыйналбайлы деп, Кыргызстанга кемпирди ала кетем дегем.

Светлана Федоровнанын кызы Гүлмира эженин сунушуна каршы болгон эмес. Ал жакта төлөп жүргөн айлык акысын банк аркылуу которуп турууну макулдашып, Кыргызстанга сапар тартышкан.

Гүлмира Исмаилова үч уулдун апасы. Балдарынын алды университетти, арты мектепти аяктап жатат. Орус кемпирди алып келерде балдары жолдошу жана туугандары менен кеңешип, айрымдар ага каршы да болушкан:

- Алгач айрымдар каршы болсо, башкалары макул болушту. Балдарым чочуп, "апа, уят эмеспи?" деп сурашты. Келгенибизде айрымдар таң калганы менен, жакшы кабыл алышты. Туура кабыл алышканы үчүн коңшуларыма, туугандарыма аябай ыраазы болдум. Негизи биздин эл - мусулман калкы элди бөлбөгөн, пейили кенен эмеспи.

Светлана Федоровна өзү айткандай, бул жакка оорулуу абалда келген. Кыргызстандын абасы жактыбы, айтор азыр кыйла дурус, көңүлү куунак болуп калыптыр. Буга Гүлмира эже да кубанычта:

- Алгач келгенде "күн ысык экен" деп кыйналды. Кийин эле абасы жагып, мөмө-жемиштерден даам татып, өзүн жакшы сезе баштады. Башында салмагы 105 килограмм эле. Бронхиалдык астмасы бар болчу. Деми кысылып, кыйналчу. Азыр ал ооруларынын бири жок. Кан басымдын дарысын ичпей калды. Салмагы 85 килограммга түшүп, тамак-ашты жакшы жей баштады. Ден соолугунун жакшырышына салым коштум деп ойлойм.

Байбиче Светлана деле Гүлмира эжени алкап, жашоосун өзгөрткөнү үчүн ыраазы. Мүмкүнчүлүгү болсо, президент Владимир Путинден сыйлык алып берүүнү каалайт. Азырынча Москвага кайра кетүү планы жок:

- Бул аялдын балдары да, жолдошу да мыкты. Булардын үй-бүлөсүнөн мындай жакшы мамиле күткөн эмес элем. Аябай ыраазымын. Ушул үй-бүлөгө туш кылган кудайга шүгүр айтам.


ТЕМА БОЮНЧА: