«Заноза» басылмасы соттун чечимине ылайык аталышын өзгөрттү

«Заноза» онлайн басылмасы өзүнүн аталышын «Кактус» деп өзгөрттү, анткени сот Zanoza.kg соода белгисин колдонууга тыюу салган. Эми басылманын сайты Kaktus.media деп аталат.

«Заноза» басылмасынын түзүүчүлөрүнүн бири Дина Маслова билдиргендей, аларга аталышты соттук териштирүүлөрдөн улам өзгөртүүгө туура келген.

Маслованын айтымында, аталышты өзгөртүү басылманын ишине таасир этпейт, анткени «сайт — көрнөк эмес, бул адамдар».

«Сайт — кимдир бирөөгө жакпай калганы же көздөрүнө көрүнүп кеткен жана башка ушундай нерселер үчүн ишин токтотуп, багынып бере тургудай нерсе эмес, анткени бул иштегенди билген, иштөөнү каалаган адамдардын командасы», — деп жазган ал.

Басылманын редакциясы бир гана аталышын өзгөртпөстөн сайттын концепциясын дагы алмаштырууну пландоодо. Журналисттер билим берүүчү жана маанайшат жаңылыктарга басым жасоого белсенип жатышат.

Мурдараак сот редакцияга Zanoza.kg соода белгисин пайдаланууга тыюу салган. Логотип менен аталышына болгон укук «Вечерний Бишкек» басма үйүнүн ээси Александр Рябушкинге өткөрүлүп берилген.

Сайттын түзүүчүлөрүнүн бири Нарын Айып соттун чечимин «Занозага бардык тараптан болгон чабуул» деп сыпаттады.

«Заноза» басылмасы 2015-жылы «Вечерний Бишкек» онлайн редакциясынын мурдагы кызматкерлер командасынан түзулгөн.

Басылманын журналисттери билдиргенине караганда, сайттын аталышы менен логотиби кайсы бир жактан көчүрүлүп алынбай алар өздөрү ойлоп табышкан.

Бирок 2016-жылдын январь айында «Заноза» басылмасы пайда болгон соң төрт ай өтүп «Вечерний Бишкектин» ээси Александр Рябушкин Zanoza соода белгисин каттоо боюнча Кыргызпатентке арыз менен кайрылган.

Каттоо сентябрь айында гана бекитилген. Аталыш боюнча талаш-тартыш ошол эле жылдын күз айларында башталган.

Мындан тышкары, «Заноза» Башкы прокуратура тарабынан президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намыс жана кадыр баркын коргоо боюнча берилген төрт арыз боюнча жеңилип калган. Жалпы жонунан басылма менен анын эки негиздөөчүсү президентке 24 миллион сом төлөп бериши керек.

Атамбаев өзүнүн жай мезгилиндеги жыл сайын өтө турган маалымат жыйынында «Занозаны» эч качан кечирбей турганын билдирген.

«Занозага каршы арызымды кайтарбайм, анткени алар "ушакчылар". Тынчтык жолу менен соттук териштирүүдөн чыгуу жолдорун көрбөй турам, анткени аларга "сабак бергим" келет», — деген ал.

Басылмага каршы президентти коргоо үчүн берилген бешинчи арыз боюнча соттук отурум 2017-жылдын 3-августунда башталат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: