Кыргызстандагы балдар үйлөрүнүнүн бүтүрүүчүлөрү 9-класстан кийин турак-жайсыз калып, алардын билими алуусу да солгундайт. «Оазис» фонду абалды колго алып, жетимдерди жогорку окуу жайларда окутуу үчүн каражат топтоо боюнча эсеп ачты.
Аскар Токмок мектеп интернатын төрт жыл мурда бүтүргөн. Анда ал 15 жашта болчу. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча ар бир бала тогуз жылдык билим алуусу керек, бул деген ар бир жетим тогузунчу классты бүткөн соң балдар үйүнөн кетүүсү керек дегендикти билдирет.
Аскар башынан дал ушул окуяны өткөрүп, жашаган жери жок калган.
Эшикте калгандан кийин Аскар тезирээк жашаганга жер издеши керек болгон. Ал 10-11-классты бүтүрүүнү каалаган, бирок ага кесиптик лицейге тапшырууга туура келген, анткени ал жакта жатакана берилчү.
«Мен ашпозчу болгум келген эмес. Бул адистик өзүм менен инимди камсыздабашын түшүнгөм. Бирок бир жерде жашаш керек болгондуктан ошол жакка бардым. Ал жакта мендейлерден толтура, бир чети эки жыл тынч жашаса болот», — дейт Аскар.
Бирок өспүрүм бала лицей — балдар үйү эмес экенин, ал жерде акча иштеп табышы керектигин түшүнө баштаган. Аскар лицейдеги жана кечки окуусу менен кошо тамактануу жайлардан баштап курулуш иштерине чейин ар кандай жайларда иштегенге жетишкен.
Лицейде Аскар ашпозчунун окуусун окуп, бирок мындай билим менен ал алыс жакка бара албасын түшүнүп, ошондуктан жогорку окуу жайга (ЖОЖ) тапшырууну чечкен. Ал жогорку билим алып, жакшы жумуш таап инисин колдоп кете турганына ишенген.
«Биз азырынча иним экөөбүз чогуу жашай албайбыз, бирок бири-бирибизден башка эч кимибиз жок. Ал учурда балдар үйүндө, а менин туруктуу үй жайым жок, ошондуктан аны алып кете албайм. Бирок албетте мен иним жанымда болушун каалайт элем», — дейт Аскар.
Аскар кесиптик лицейден толук орто билим албаган бүтүрүүчү, жогорку окуу жайга албай коёт деп кооптонуп, ошол себептүү күбөлүк алып жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) тапшыруу үчүн кечки билим берүү мектебине окуганы барган.
Билим берүү министрлигинин статистикасына ылайык, бардык балдар үйлөрүнүн 10 пайыз гана бүтүрүүчүсү ЖОЖго тапшырат, мисалы 2016-жылы билим берүү министрлигинин квотасы боюнча жогорку окуу жайга болгону 36 бүтүрүүчү тапшырган.
«Билим белек»
Окуу жайда Аскар программалоо боюнча окугусу келген, мына ошол кыялы аны «Оазис» кайрымдуулук фондуна алып келип, ушул жерден коддоону окуп үйрөнгөн. Ага бул жер абдан жагып калгандыктан, ыктыярчы болуп калып, өзүндөй эле жетимдерге жардам бере баштаган.
Социалдык кызматкерлер менен бирге Аскар спорттук иш-чараларды жана тарбиячылар жок жерлерде жашоо шарттарга көндүрүү боюнча тренингдерди өткөрө баштаган.
Мындай психологиялык колдоо көрсөтүү, жаштайынан ар кандай финансылык жана башка маселерди чечүүгө аргасыз болгон балдар үйүндөгүлөргө абдан маанилүү.
Ал эми Аскар иниси экөө кандай себептерден улам ата-энесиз калганын айткан жок. Болгону муңдуу көз карашын буруп, чачтарын кармалап жана күлүмсүрөп сөздү улантты: «Окууну бүтүп программист болуп, жакшы айлык акы ала баштасам эле иним экөөбүз эч нерседен кем болбой калабыз…»
Ага окуу үчүн акча таба ала тургандыгы боюнча ишенимди «Оазис» фондунун кызматкерлери берген. Аталган фонд балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү жергиликтүү окуу жайларда билим алышы үчүн каражат чогултуу максатында краудфандиң платформасын иштеп чыгышкан.
Анын идеясы «Билим белек» сайтында ар бир каалааган адам жетимдерге жардам катары акча которуусунда жатат.
«Балдар үйүндөгү балага бир жолу берилген жардам деген эмне? Ал деген таттуу тамак-аш жана кийим-кечек берүү дейт фонддун кызматкери Мария Колесникова. Ал эми эгерде силер өспүрүмгө билим берсеңер, ал силерге өмүр бою ыраазычылыгын айтат: бул нерсе анын тагдырын түп тамырынан өзгөртүшү мүмкүн».
Аскар аталган долбоордоогу катышуучулардын биринчиси болуп калды.
Курулуштарда ар кандай жумуштарды аткарып, Бишкектин ашканаларында иштеп жана кечки мектепте талыкпай окугандан соң эки жыл өтүп Аскар ЖРТ тапшырып 133 балл алган, бул өлкө боюнча орто жыйынтыктан 18 балл жогору болгонун билдирет.
Мындай көрсөткүч ЖОЖдо акысыз окууга жетишсиз, ал эми Аскар Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) программалык инженерия факультетине тапшырды.
КУУда бир жылдык контракт 33 миң сомду түзөт, бул балдар үйүнүн бүтүрүүчүсүнө абдан кымбат. Университетте ага жеңилдик берилип, Аскардын биринчи жылдагы окуусу 17 миң сомду түздү, анын ичинен 5 миң сому фонд тарабынан чогулган акчадан төлөндү. Бул акча биринчи семестрдеги окуусуна жетти.
Бирок Аскар үчүн КУУга өткөндүгүнүн өзү эле чоң жетишкендик.
Ал фонддон толугу менен көз каранды болбош үчүн иштей берээрин айтууда. «Эгерде [калган 12 миң сом] чогулбаса, мен өз алдымча контракттын калган бөлүгүн төлөгөндү [каалап] жатам», — деди Аскар.
Жетимдерге жогорку окуу жайга тапшыруу кыйын
«Оазис» фондундагы Мария Колесникованын айтымында, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жогорку билим алуу абдан татаал.
«Качан гана балдар үйүнөн кетишкенде, алар болгону 9-классты бүтүрүшөт. Ал эми ЖОЖго тапшыруу үчүн алар дагы эки класс окушу керек. Эгерде сенин тирегиң жок болсо бул абдан кыйын», — дейт ал.
Мурдараак акы төлөп 10-11-классты бүтүрүү мүмкүнчүлүгү ИСИТОдо (Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институту) бар болчу, бирок азыр андай шарт жок, анткени институт жабылып калган.
Балдар аттестат жана ЖРТ тапшыруу үчүн өз алдынча кечки билим берүү мектептерине барышууда, анткени өлкөнүн окуу жайларына тапшырууда бул нерселер сөзсүз түрдө керек.
Эгерде Колесникова айткандай «Билим белекке» акча которуулар көп болсо бир эле балдар үйүнүн бүтүрүүчүсүн эмес балдар үйлөрүндөгү көптөгөн жетимдерди камсыз кылууга болот.
«Болгону балдар өздөрү каалаган окууда окуп, өз ордуларында иштешсе. Биз алар [сапаттуу билим] алышын каалайт элек», — деди фонддун кызматкери.
Анын айтымында, алар бюджеттик орундарга туш болушу үчүн фонддогу каражатты балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүн ЖРТны жана университеттеги сынактарга даярдоого жумшоону сунушташкан.
Бирок фонддун кызматкерлеринин айтымында, бул натыйжалуу эмес, анткени балдар мектеп билимин төмөн деңгээлде алышат. «Бул бир аз керексиз ой, себеп дегенде башка балдар билимди жогорку деңгээлде берген мектептерде окушат», — деди Колесникова.
Бишкекте жеке даяроочу курстар бар, ал жакта мектеп окуучуларын ата-энелердин акчасына тестирлөөгө даярдашат, ал эми балдар үйүндөгүлөргө алар менен атаандашуу кыйын.
Билим берүү оор экенин эске алуу менен «Оазис» фонду жетимдердин жогорку окуу жайдагы жетишпегендиктерине көз салып, ал эми кандайдыр бир кыйынчылыктар жаралса ар кандай жардам берүүнү убада кылууда. Колесникованын айтымында, чогулган акчалар балдар үйүнөн чыккандардын колуна эч качан берилбестигин айтат.
«Акча балдардын колуна берилбейт, бизде бир эле эсеп счёту менен балдардын номерлери бар. Эсепке каражат түшкөн учурда акча балдардын окуусун төлөгөнгө сарпталат», — деди фонддун кызматкери.
Учурда долбоорго мурда байкоого алынган жети бала катышууда. Алардын арасынан Аскарга гана жардам берилүүдө. Алардын алдыга жылып өсүшүнө фонддун адистери менен кошо социалдык кызматкерлер дагы ишенип турушат.
Башка балдардын эсептерине дагы акчалар которулууда, бирок азырынча аз. Бул акчалар алардын окуусун төлөгөнгө жетпей жаткандыктан алардын тагдыры дагы эле суроо алдында турат.
Сүрөттөр «Билим белектин» сайтынан жана Мария Колесникованын жеке архивинен алынды.
Которгон Алмир Алмамбетов