«Мен Өзбекстанга баргандан көрө өлүп калганым жакшы»: Али Феруз өз өмүрүн кыйганга аракет кылды

«Жаңы гезиттин (Новая газета)» журналисти Али Ферузга каршы Басман соту «миграциялык мыйзамдарды» бузгандыгы үчүн Орусиядан Өзбекстанга кетирүү өкүмүн чыгаргандан соң, ал өз жанын кыйууга аракет жасаган.

Журналисттин адвокаты Даниил Хаймович «Жаңы гезитке» Феруз өкүм чыккандан кийин кан тамырын кесүүгө аракет жасаганда күзөтчүлөр аны токтотуп калганын билдирди.

«Биз соттун далисинде өкүмдүн көчүрмөсүн күтүп жүргөндө Алинин маанайы пас болуп кан тамырын кесүүгө аракет жасаган. Соттун жардамчысы мага тил кат берип жаткан, мен ага алаксып кеткен учурда Али жанагыл нерсени кылды. Ал "Мен Өзбекстанга кайткандан көрө өлүп калганым жакшы деп айтты". Бирок соттун күзөтчүлөрү ага дароо эле чуркап барып, токтотуп калышты. Ушундан кийин анын колуна кишен тагышып атайын кармоочу жайга алып кетишти», — деп билдирди жактоочу.

Москванын Басман соту 1-августта Ферузду «миграциялык мыйзамдарды бузганы» үчүн Өзбекстанга кетирүү чечимин чыгарган. Ал эми Феруз өзү Өзбекстанга кайтаары менен бийлик аны камакка ала турганын айткан.

Анын айтымында, 2011-жылдан бери ал Орусиядан башпаанек издеп жаткан, анткени Өзбекстандын атайын кызматы аны кыйнап, өлтүрүү менен коркутуп жана өздөрүнүн катарына тартууну аракет кылышкан.

Бирок, Али Феруздун 2012-жылы паспорту уурдалып документин калыбына келтире албай койгон, анткени бул учурда ага Өзбекстанга кайтуусуна туура келмек.

Орусияда Феруз «Жарандык көмөк көрсөтүү» жана Amnesty International укук коргоо уюмдары менен кызматташып жүргөн. Кийинчерээк ал «Жаңы гезитке» жаза баштаган.

Журналистке мыйзамдуу негиз жоктугу айтылып саясий башпаанек берилген эмес.

Сүрөт: «Жаңы гезит»

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: