Орусия: «Жаңы гезиттин» журналисти Али Феруз Өзбекстанга өткөрүлөт

Москванын Басман соту «Жаңы гезиттин (Новая газета)» журналисти Али Ферузду миграциялык мыйзамды бузганы үчүн өз өлкөсүнө чыгаруу боюнча чечим чыгарды.

Журналист 1-августта полиция тарабынан кармалган соң, сот аны дароо Өзбекстанга өткөрүп берүү өкүмүн чыгарды.

Мындан тышкары, миграциялык мыйзамды бузганы үчүн Али Ферузга беш миң рубль штраф салынды.

Полициядан билдиришкендей, Феруз «Жаңы гезитте» эмгек кылууга уруксат берген документи жок иштеп жүргөн.

Феруз соттун чечимин мыйзам түрүндө даттанып чыккан. «Жаңы гезит» билдиргендей, учурда ал орус жарандыгын алуу үчүн документтеринин толук тизмесин даярдап жатат.

Журналистти 2017-жылдын мартында өзбек бийлигинин суранычы боюнча кармашкан. Анда ал өнөкөт дартына байланыштуу ооруканага жаткырылган.

Андан соң, Орусия бийлиги май айынын башында ага убактылуу башпаанек берүүдөн баш тарткан. Анда ИИМ өзүнүн чечимин ал үчүн эч кандай негиз жок экенин айтып түшүндүргөн.

Ал кезде Феруз өзбек бийлиги аны өлкөсүнө кайтып барганда дароо кармай турганын билдирген.

«Практика көрсөткөндөй, [Өзбекстанга] кайтып барган же бул жактан уурдалып барган качкындарды дароо 20 жылга эркинен ажыратышат. Макаланын классикасы "мамлекеттик төңкөрүш", "конституциялык түзүлүштү бузуу аракети"», — деди Би-би-синин орус кызматына курган маегинде журналист.

Али Феруз Орусияга 2011-жылы келген. Журналист Өзбекстандан бийлик менен болгон начар мамилеси үчүн кетип калган.

Феруздун айтымында, 2008-жылы атайын кызмат аны өз катарына тартууну аракет кылганда ал баш тарткан. Анда журналистти уурдап кетишип эки күн кыйнап, өлтүрөбүз деп коркутушуп көп өтпөй кайра коё беришкен.

Ошондой эле, Али Феруздун 2012-жылы паспорту уурдалып документин калыбына келтире албай койгон, анткени бул учурда ага Өзбекстанга кайтуусуна туура келмек.

Орусияда Феруз «Жарандык көмөк көрсөтүү» жана Amnesty International укук коргоо уюмдары менен кызматташып жүргөн. Кийинчерээк ал «Жаңы гезитке» жаза баштаган.

«Жаңы гезиттин» айтымында, Феруздун макалалары Москва бийлиги менен мигранттардын ортосунда байланыш түзүүгө жардам берген.

Анын иликтөөсү азык-түлүк дүкөнүнүн жертөлөсүнөн Кыргызстандын жарандарын бошотууга жардам кылган, анткени алар көп убакыттан бери кулчулукта кармалып отурушкан.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: