БШК президенттикке биринчи талапкерди каттады. Ал Темир Сариев

Боршайком президенттикке биринчи талапкерди каттады. Ал «Ак Шумкар» партиясынын башчысы Темир Сариев болду.

БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова Сариевге өлкөнүн президенттигине талапкер күбөлүгүн тапшырды.

Темир Сариев өзүнүн тарапкерлеринин ичинен 60 миң кол белги чогултуп, Борбордук шайлоо комиссиясына биринчи болуп тапшырган жана ошондой эле биринчилерден болуп мамлекеттик тил сынагынан өткөн.

Президенттикке талапкерлерди каттоо 10-сентябрга чейин уланат, ал эми шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында башталат. Өлкө башчылык кызматка талапкерлер мамлекеттик тил сынагынан өтүп, 1 миллион сом өлчөмүндө күрөө төгүп жана тарапташтарынан чогултулган 30 миң кол белги тапшыруулары керек.

Учурда президенттик шайлоого катышууну каалап 58 адам чыккан, алардын арасында КСДП президенттик партиясынан талапкер жана премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, УКМКнын ТИЗОда отурган оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаев менен «Республика» партиясынын башчсысы Өмүрбек Бабанов бар.

Темир Сариев президенттикке талапкерлердин бири, аны «Ак шумкар» партиясы 19-июнда чыгарган.

Сариев буга чейин премьер-министрлик кызматты аркалаган, бирок Балыкчы-Корумду жолуна жарыяланган тендер боюнча ызы-чуу жаралганда отставкага кеткен.

Аны лицензиясы жок тендерде жеңип алган «Лонг-Хай» кытай компаниясынын кызыкчылыгын сүрөгөн деп айыпташкан.

Сариев өзү айыптоолорду четке кагып, премьерлик кызматты Сооронбай Жээнбековго өткөзүп берген.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: