Ош: Алчалы жайлоосунда карышкырлар бир ай ичинде 30 жылкыны өлтүргөн

Ош облусунун Папан айыл өкмөтүндө мергенчилер төрт бөлтүрүктү таап алып кетишкенден кийин карышкырлар бат-баттан үй жандыктарына кол сала баштаган. Өткөн ай ичинде эле 30 жылкы жана башка ондогон үй жандыктары өлгөн.

Карышкырлар айыл өкмөтүнүн тургундары менен үй жандыктарына кол сала башташкан.

Бийлик карышкырлардын үйүрүн жок кылуу үчүн баткендик мергенчилерди чакырган.

Бирок мергенчилер карышкырлардын чоң түрлөрүнүн изине түшө албай болгону төрт бөлтүрүктү таап алышып, айылдыктарга өткөрүп беришкен.

Бул окуядан кийин карышкырлардын кол салуусу күч алган. Бир ай ичинде эле Алчалы жайлоосунун жайытында карышкырлар 30 жылкыны өлтүргөн.

«Карышкырлар майда мүйүздүү жандыктарга кол сала башташкан, күнүнө 5-6 баш мал жоголууда. Мындан тышкары, ондогон жылкыларды жок кылышты», — деди Кара-Сөгөт айылынын тургуну Урмат Каныбаев.

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, үй жандыктарына 5-6 карышкыр кол салууда.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: