Келечектеги Бишкек. 5 жыл мурун шаардык бийлик эмнелерди убада кылган?

Бишкек шаарынын бийлиги көптөгөн убадаларды берген, бирок алардын айрымдары кагаз бетинде же маалымат булактарынын барактарында калды. Kloop.kgнин редакциясы жакында беш жыл толо турган эң эле көрүнүктүү убадаларды эстеп көрүүнү чечти.

Бул материалдын чыгышына убадаларга байкоо салган «Политмер» сайтынын жана Kloop.kgнин архивдеги басылмалары негиз болду.

Ар кандай түрдөгү таштандыларды салууга урна

Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов 2013-жылы борбордо айнек, кагаз, тамак-аштардын калдыктарын салууга өзүнчө урналар пайда болоорун убада кылган. 2017-жылы таштандылар үчүн жаңы урналар пайда болгон, бирок калдыктарды салууга өзүнчө бөлүмдөрү жок.

Таштанды иштеткен завод

Ошондой эле, Өмүркулов Бишкекте таштанды иштеткен ишкананы курууга жетишүүнү убада кылган. Аталган ишкананы куруу боюнча талкуулар бир эле жыл бою уланган жок, бирок борбордо мындай завод бүгүнкү күнгө чейин жок.

Терентьевдин үйүн калыбына келтирүү

Жаңы бир нерселерди куруудан башка Өмүркулов эски бир нерсени калыбына келтирүүнү убада кылган. Тагыраак айтканда 2013-жылы Иса Өмүркуловго «Ата мекен» партиясынын депутаты Наталья Никитенко Бишкектин ошол кездеги биринчи мэри Илья Терентьевдин үйү кыйроо абалында турганын айтып нааразы болгон.

«Биз каражат таптык, эгерде бизге уруксаат беришсе үйдү жакын арада калыбына келтирүү иштерин баштайбыз», — деп билдирген шаар башчы. Бирок 2017-жылга алып караганда имарат урандыга айланганы калды.

Бишкектин борборунда 50 кабаттуу асман тиреген имарат куруу

Ал эми Бишкек шаарынын бийлиги 2011-жылы чоң убада берген. Анда шаардын борборунда Чүй менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 50 кабаттуу имарат пайда болушу айтылган.

Планга ылайык, имарат өзүнө турак жай, соода борборун жана жер алдында 1000 машинаны батырган унаа токтотуучу жайды камтымак. Бирок асман тиреген имараттын курулушу башталган эмес.

Троллейбуста жүрүүдөгү электрондук акы төлөө

Шаардык бийлик 2013-жылы троллейбуста жүрүүдө электрондук түрдө акы төлөө мүмкүнчүлүгү пайда болоорун убада кылган. Ал эми 2017-жылга алып караганда азыр мындай шарт жок, бирок жакында эле учурдагы мэр Албек Ибраимов жай мезгилдеринде мындай мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн убада кылган.

Жолбун иттерди асыроочу жай

Өмүркулов 2012-жылы шаардыктарга Бишкекте жолбун иттерди асыроочу жай куруулаарын убада кылган. Бул маселе жолбун иттерди атуу сынга алынган учурда жаралган.

«Каражаттын жетишпегенине карабастан мен ит асыроочу жай куруу боюнча максат койдум. Мейли 5-10 миллион сомго кымбат болсун. Жолбун иттер бардык ири шаарларда бар. Иттерди атуу менен бирге питомник маселесин чечебиз», — деген ошондо мэр.

Бүгүнкү күндө бардык иттерди асыроочу жайларды шаардыктар камсыздайт. Алар калаа башчысына ит асыроочу жай түзүү сунушу менен кайрылышкан, бирок азырынча бул маселе чечиле элек.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: