Шайлоо-2017: Президенттикке төрт талапкер бир партияга биригишти

Саясатчылар Бакыт Төрөбаев, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибеков жана Адахан Мадумаров келерки президенттик шайлоодо бир талапкерли колдош үчүн бир партияга биригишти.

Бакыт Төрөбаевдин «Өнүгүү Прогресс» партиясы Камчыбек Ташиевдин «Ата Журт» жана Адахан Мадумаровдун «Бүтүн Кыргызстан» партиялары менен бирикти.

«Өнүгүү Прогресс» партиясынын секретариатынын маалыматына ылайык, биригүү келерки президенттик шайлоого жана «элдин биримдигин жана саясий туруктуулукту сактоого» байланыштуу.

Төрөбаев, Ташиев, Келдибеков жана Мадумаров бардыгы тең президенттикке талапкерлер. Маалыматка ылайык, саясатчылар арасынан бирөөсүн колдоп чыгышат.

«Биз бардык саясий күчтөр менен кызматташууга даярдыгыбызды билдиребиз. Негизги максат катары биз таза жана ачык шайлоо откөрүүнү көрүп жатабыз, анын натыйжасында президенттик бийлик легитимдүү жолу менен алмашылат», — деп Төрөбаев өзүнүн «Фейсбук» барагында биригүү жөнүндө маалыматты кыскача жазып чыккан.

Азырынча жаңы партиянын аты менен бирдиктүү талапкердин аты белгисиз.

Аталган төрт саясатчынын арасынан бийликте парламентке кирген Төрөбаев жана анын «Өнүгүү Прогресс» партиясы бар. Парламентте анын партиясы 120 орундун 13үн ээлейт.

Ал эми президенттик шайлоонун өзү үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтөт. Бул Кыргызстандын тарыхында бийлик биринчи жолу бир легитимдүү шайланган президенттен экинчи легитимдүү шайланган өлкө башчыга өткөн шайлоо болот.

Учурда бул кызмат үчүн 59 талапкер ат салышууда, алардын арасында учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана мурдагы өкмөт башчылар Өмүрбек Бабанов менен Темир Сариев бар.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: