Нарындын тургуну Шамил Бердигулов Kloop.kgге милиционерлер аны кантип кыйнап ага уурулукту мойнуна алдырганын жана андан кийин ишти жабуу үчүн акча талап кылганын айтып берди. Натыйжада, милиция кызматкерлери 8 жылга чейин соттолуп эркинен ажырашты.

Сот июль айынын ортосунда милициянын үч кызматкерин Бердигуловду кыйноо боюнча күнөөлүү таап аларды 8 жылга чейин эркинен ажыратты.

Баяндама Шамил Бердигуловдун сөзүнөн жазылып алынды.

Менин нарындык тааныштарым мал жандыктардын терисин алып сатуу менен алектенишкендиктен мага алар менен кошо териге барып келүүнү сунушташкан. Кара-Булуң айлында биз мени тааныган мурда Куланакта жашап кеткен балага жолугуп калдык (Бердигулов Куланакта жашайт). Ал бизге тери саткан, кийинчерээк эшектин териси экени билинди.

Эсиңердеби, айылдарда эшектер жоголуп баштаган? Аны эшектерди урдагандыгы боюнча шектүү катары кармашып, кыйноо менен бул кылмыш ишти анын мойнуна илип салышкан. Ал баладан терини кимге саткандыгын сурап баштагашканда, ал мага саткам деп айткан.

Ошондон кийин милиция мага келип эшектерди уурдоо боюнча күнөөлөшкөн. Алар мага 3-май күнү кечинде келип кармап кетишкен. Эшикти такылдатышканда, мен эшикке чыккам. Ал жакта үчөө турган. Алардын бирөөсү Куланак айылдык милиция бөлүмүнүн (АМБ) начальниги болгон, мен аны таанычумун. Мен андан эмне болду деп сураганда, ал жумуштар бар АМБдан сүйлөшөбүз деп жооп берди. Алардан бардыгы жайындабы деп сурадым, бардыгы жакшы деп коюшту.

Мен жаман оюм жок алар менен бардым. Машинага жеткенде алардын бирөөсү телефонуңду алдыңбы деп сурады. Мен жок үйдө калтырып койдум деп жооп бергенде, ал менин үйүмө телефондун артынан чуркап кетти. Алар менин телефонумду алып ошо бойдон кайтарып берген жок.

Мен милицияга эшектердин уурдалышы боюнча эч нерсе билбейм жана эмне болуп жатканын түшүнгөн жокмун дедим. Милиция кызматкерлери жанагы бала менен эшек уурда союп салыпсың деп айтышты.

Мен эч кандай эшек уурдаган жокмаун десем, милиционерлердин бири күтүүсүздөн мени чаап салды. Мен жооп кайтарууга үлгүрө электе эле экинчи милиционер чаап салды. Ошентип үчөө мени АМБда сабап салышты.

Кетким келип эшикти тартсам жабык экен. Айылдык милиция бөлүмүнүн начальниги эшикти бекитип кетип калыптыр. Мен күч менен эшикти тарткылай баштаганда, ал сына баштады. Бул нерсени көргөндөн кийин АМБнын начальниги келип эшикти ачты. Ал эшектин уурдалышы боюнча күнөөнү өз мойнуңа ал деп көндүрө баштады. «Ушул жерден келишели андан кийин мен сени жөн коём», — деди ал.

Мен жиним келип эмне үчүн башка бирөөнүн күнөөсүн мойнума алышым керек деп сурай баштадым. Милиция кызматкерлеринин бири эгерде мен ушул жерден күнөөнү мойнума албасам Ат-Башы РИИБнө алып барабыз, ошол жактан биз барын мойнуңа алдырабыз деди. Ошентип алар мени ал жакка алып барышты.

Берки баланы да кошо алып барышты. РИИБге жеткиче жолдон кыйнап барышты. Биз РИИБге келгенден кийин алар дароо эле мени ур-токмокко ала башташты. Милиционерлердин бири колума кишен тагып, жерге отургузуп бутума чапкылай баштап мени жерге жыкты.

Андан кийин мен аларга ошол кезде жанымда жүргөн эки таанышымды алып келгиле алар түшүнүк кат жазышсын ошонун негизинде мен дагы түшүнүк кат жазып берем дедим. Мен аларды алып келгенче эч нерсе кылбайм, анткени терини алар сатып алган мен эмес деп бир нерсе кылуудан баш тартып туруп алдым.

Алар таң аткыча мени электрошокер менен кыйнап, булгаары куур менен бутка чапкылап жана баштык менен муунтуп жатышты. Болгон денемди көгала кылышты. Чарчап калышканда гана токтошту. Эртең менен мен баса албай калыпмын.

Бирок аягында алар бары бир максатына жетип күнөөнү мойнума алдырышты. Эртеси ошол кезде териге чогуу барган тааныштарым келишти. Ыкчам кызматкер 120 миң сом төлөгүлө же болбосо уурулукка шериктеш катары түрмөгө отурасыңар деди.

Бизге акча табуу үчүн эки саат убакыт беришти. Биз жетишпей калабыз дегенде эртең менкиге чейин убакыт беришти. Биз макул болгондо гана коё беришти.

Ушундан кийин мен дароо эле УКМКга (улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы) арыз менен кайрылганда иликтөө башталды. Биз алар документтерин даярдагыча үч күн күттүк.

Бизди РИИБнөн бошоткондон кийин төрт күн өтүп, милиция кызматкерлерине 120 миң сомду өткөрүп бериш үчүн Ат-Башыдагы мал базарга бардык. Алар акчаны алгандан кийин УКМКнын кызматкерлери милиционерлерди кармашты. Алар талаа аркылуу акчаны чачып качып кетүү аракетин корүшкөнү менен бары бир колго түшүштү.

Сотто милиция кызматкерлери күнөөнү мойнуна алышты. Бизде бардык далилдер бар болчу, мен болсо бардык экспертизадан өтүп койгом, жада калса адвокат жалдоонун кереги жок эле.

Маектешкендер: Алмаз Эшбаев менен Александра Ли

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: