Билим берүү министрлиги 100 бала бакча ачууну убада кылды

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева президент менен жолугушууда Кыргызстанда окуу жылынын башталышына чейин дагы 100 бала бакча ачылаарын айтты.

Кудайбердиева президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда 100 жаңы бала бакча ачылаарын маалымадады. Анын айтымында, бала бакчалар айылдарда жана барууга татаал аймактарда ачылат.

Жаңы бала бакчалар пайда боло турган аймактар:

  • Чүй облусу – 20 бала бакча;
  • Жалал-Абад облусу – 17 бала бакча;
  • Ош облусу – 16 бала бакча;
  • Ысык-Көл облусу – 15 бала бакча;
  • Талас облусу – 13 бала бакча;
  • Нарын облусу – 12 бала бакча;
  • Баткен облусу – 7 бала бакча.

Бала бакчаларды куруу планы Дүйнөлүк банктын «Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки билим берүү» долбоорунун жарымысы гана.

Ошондой эле, Кудайбердиева Кыргызстан боюнча 122 мектеп оңдоп түзөөдөн өтөөрүн билдирди.

«Биринчи кезекте өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган аймактарда жаңы мектептерди куруу боюнча иштер башталды», — деди министр.

Атамбаев өз кезегинде окуганга шарт түүзүү үчүн курулушту суук түшкүчө бүтүрүүнү суранды.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: