Шайлоо-2017: Сариев Жээнбековду үгүт иштерине «кызматтык абалын пайдалангандыгына» айыптады

Мурдагы премьер-министр жана президентикке талапкер Темир Сариев учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдон өз ыйгарым укуктарын тапшыруусун талап кылды. Сариевдин айтымында, премьер-министр президенттик шайлоо алдында үгүт иштерин жүргүзүү үчүн кызматтык абалынан пайдаланууда.

Сариев өзүнүн «Фейсбук» барагында Жээнбеков үгүт иштеринин эрежесин бузуп жаткандагын жазган. Сариев менен Жээнбеков экөө тең келерки 15-октябрда өтө турган шайлоодо президентикке талапкерлер.

Сариевдин айтымында, Жээнбеков өзүнөн премьер-министрлик ыйгарым укуктарын тапшыруусу жана «кызматтык абалынан пайдаланууну» токтотуусу керек.

«Күнүгө иш убактысында министр, губернатор, мэр жана башка жетекчилерди "Форумдун" имаратына чакыртып алышып бийлик партиясынын талапкерине иштөөгө мажбурлашат», — деп жазган Сариев.

Ал ошондой эле ТИЗОдо отургандар менен оппозиционер Текебаев боюнча дагы айтып Боршайкомдон талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүүнү талап кылган.

«Аларга кыргыз тили боюнча сынак тапшырууга укук берилиши керек. Азырынча алар соттоло элек, алардын тандап жана тандалып алууга укуктары бар. Бул нерсени мыйзам талап кылууда», — деп кошумчалаган мурдагы премьер-министр.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан Kloop.kgге билдиришкендей, алар азырынча Сариевдин Жээнбековго карата домаатына жооп бере алышпайт. «Тилекке каршы учурда биз бул нерсеге комментарий бере албайбыз. Бул нерсеге маалымат кызматтын башчысы гана жооп бере алат, ал учурда эмгек өргүүдө», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Азырынча Жээнбеков качан ыйгарым укуктарын тапшыраары белгисиз, ал өзү бул тууралуу айта элек. Президент Алмазбек Атамбаев Жээнбековдон БШК аны талапкер катары каттаары менен өкмөт башчылыктан кетүүнү суранганын билдирген.

Мурдаарак «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» БШКга Жээнбековго каршы арыз жазган. «Коалициянын» өкүлдөрү дагы саясатчы үгүт иштери үчүн премьер-министрлик кызматты колдонууда деп билдиришкен.

«Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү премьер-министрлик кызматты ээлөө менен аймактарга чыгып, өз иштери тууралуу айтып берүүдө», — деп жазышкан арызда укук коргоочулар..

Бирок ошол учурда Боршайкомдун өкүлдөрү Жээнбеков эч кандай үгүт эрежелерин бузган жок, анткени президентикке талапкер катары каттала элек деп билдиришкен.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: