Ысык-Көл: Небересин зордуктоого шектелген адам кармалды

Ысык-Көл милициясы жети жашар небересин зордуктоого шектелген адамды кармаганын билдирди. Күбөлөрдүн айтымында, ал шымын чечип баланы жерге жаткызган кезде кармалган.

Ысык-Көл облусунун РИИБнын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов Kloop.kgге билдиргендей, милиция 36 жаштагы өзүнүн жети жаштагы небересин зордуктоого шектелип жаткан Беловодск айылынын тургунун кармашкан.

Усубакуновдун айтымында, окуя 7-августта Өрнөк айылында болгон. Ошондой эле, Усубакунов бак-дарактардын арасында баланын жанында шымы чечилген адам жатканын окуяга күбөө байкап калганын билдирди.

Шектелген адам окуяга күбөнү көрүп калып качып кетүүгө аракет кылган, бирок ал колго түшүп, окуя туурасында милицияга кабарланган. Усубакуновдун айтымында, кармалган адам мас абалында болгон.

РИИБдин өкүлү шектелген адам «жети жаштагы балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди кылганын» айтты.

Жети жаштагы балага медициналык текшерүүдөн өтүү дайындалды.

Мындан тышкары, шектүү жаран убактылуу кармоо изоляторго камалды. Эгерде ал күнөөсүн мойнуна алса, ал беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Которгон Алмир Алмамбетов


ТЕМА БОЮНЧА: